Тоң районунда инвестор тартуучу долбоорлор даярдалат

Тоң районунда инвестор тартуучу долбоорлор даярдалат

Бүгүн, 21-ноябрда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Тоң районунун жетекчилиги менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу облустук администрация билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө, элди жашоо шартын жакшыртууга, инфраструктуралык жана экономикалык өнүгүүгө багытталган иш аракеттер талкууланды.

Абдыкадыров Тоң районунун социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого жана көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи. Ал ошондой эле районду өнүктүрүү стратегиясын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык кызыкдар тараптардын күч-аракетин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн билдирди.

«Район эле эмес облусубуздун элинин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында, сапаттуу долбоорлорду даярдап инвесторлорго сунуштоого тийишпиз»,- деп белгиледи облус башчы.

Мындан тышкары окуңуз

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

КРнын энергетика министринин орун басары Бекнур Маратбеков Москва шаарында өткөн Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин 14-жыйынына катышты. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, жыйында жалпы газ, мунай жана мунай продуктуларынын, ошондой эле электр энергиясынын рынокторун түзүү маселелери каралды. Жыйындын жыйынтыгында 2030-

Ишкер Media
Мамлекет жылына 1,850 миллион тоннага чейин мунай продуктуларын керектейт

Мамлекет жылына 1,850 миллион тоннага чейин мунай продуктуларын керектейт

Мамлекет күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган компанияларга субсидия берүүнү улантууда. Бул тууралуу кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн жыйында белгилүү болду. МинКабдын маалыматына ылайык, күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана сатуу менен алектенген субъекттерге субсидияларды каржылоо үчүн республикалык бюджетте 11,389 млрд сомдон ашуун каражат каралган. Бул сумманын 2,623 млрд

Ишкер Media
Нарынга 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана куруу пландалууда

Нарынга 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана куруу пландалууда

Нарын облусуна 350 орундуу, 7 кабаттуу жаңы көп тармактуу оорукана куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди. Маалыматка караганда, 26-октябрда облус башчысы Нурбек Сатаров Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда облуста көп тармактуу оорукананы куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Аталган долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын

Ишкер Media
Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media