Нарынга 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана куруу пландалууда
Нарын облусуна 350 орундуу, 7 кабаттуу жаңы көп тармактуу оорукана куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка караганда, 26-октябрда облус башчысы Нурбек Сатаров Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда облуста көп тармактуу оорукананы куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды.