Кепилдик фонду жаңы продукцияны ишке киргизди

Кепилдик фонду жаңы продукцияны ишке киргизди

«Кепилдик фонд» ААК жаңы продуктуну – алдын ала кепилдикти пилоттук түрдө киргизди. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда, алдын ала берилген кепилдик ишкерге керектүү кредиттин суммасын алууга мүмкүндүк берет.

Жаңы кепилдик продукт бир катар артыкчылыктарга ээ, алардын эң негизгиси кардардын бизнесине экинчи жолу финансылык анализ жүргүзүүнүн зарылдыгы жок. Мындан тышкары, каржылоону кароонун мөөнөтү кыскарган.

Алдын ала берилген кепилдикти алуу үчүн ишкер Кепилдик фондуна кайрылуусу керек, анда кызматкерлер бизнестин финансылык анализин жана күрөөгө көз карандысыз баа беришет.

Бизнести талдоо аяктагандан кийин, эгерде кардардын бизнеси негизги талаптарга жооп берсе, Кепилдик фонду ишкердин атына белгилүү бир суммага Сертификат берет.

Бул Сертификат Кепилдик фондунун кепилдиги болуп саналып жана кардарга Кепилдик фонддун өнөктөшү болгон финансылык-кредиттик уюмда пайдалануу укугун берет.

Кредит жактырылгандан кийин финансылык мекеме, Кепилдик фонд жана кардар ортосунда тиешелүү келишимдер түзүлөт. Ишкердиктин түрүнө жараша кардар 2 же 2,5% кепилдик төлөмдү төлөп, керектүү кредиттин суммасын алат.

Толук маалымат 0312 66-04-94; 0999-77-40-70 же www.gf.kg сайтында

Мындан тышкары окуңуз

Документтери жок ишмердүүлүк жүргүзгөн май куюучу жайдын иши токтотулду

Документтери жок ишмердүүлүк жүргүзгөн май куюучу жайдын иши токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилери туруктуу негизде көзөмөлдөнүп келет. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына караганда, Ноокат районунун Куу-Майдан айылында жайгашкан “Партнер Нефть” май куюучу станциясынын №1 тилкеси тиешелүү архитектуралык-долбоорлоо

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк экологиялык демилгелерди талкуулашты

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк экологиялык демилгелерди талкуулашты

Бишкекте Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Дүйнөлүк банктын "Планета" багыты боюнча вице-президенти Гуанчжэ Чэнь менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билирди. Жолугушууда тараптар Дүйнөлүк банк менен айлана-чөйрөнү коргоо, климаттык саясат жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги

Жаңы “Ош” базары тарапка эки кошумча жол салынат

Жаңы “Ош” базары тарапка эки кошумча жол салынат

Жаңы “Ош” базары менен “Батыш” автобекетине алып баруучу жаңы жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул жаңы салынып жаткан жол Профсоюз көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чыгат. Долбоорго ылайык, жолдун жалпы узундугу 5 чакырым 800 метрди түзөт. Долбоордун алкагында жаңы “Ош” базарына жана

Бажы экосистемасын өнүктүрүүгө арналган эл аралык IT-конференция өтүүдө

Бажы экосистемасын өнүктүрүүгө арналган эл аралык IT-конференция өтүүдө

Ысык-Көлдө III Эл аралык IT-конференция – «Бажы экосистемасы боюнча диалог» өз ишин баштады. Иш-чара бажы администрацияларынын, эл аралык уюмдардын жана бир катар өлкөлөрдөн келген эксперттердин өкүлдөрүн бириктирди.  КРнын Бажы кызматынынын маалыматына ылайык, жыйындын алкагында бажы кызматтарын санариптик трансформациялоо, жасалма интеллект технологияларын колдонуу, санариптик транзиттик чечимдерди өнүктүрүү, маалыматтык системаларды