Бажы экосистемасын өнүктүрүүгө арналган эл аралык IT-конференция өтүүдө

Бажы экосистемасын өнүктүрүүгө арналган эл аралык IT-конференция өтүүдө

Ысык-Көлдө III Эл аралык IT-конференция – «Бажы экосистемасы боюнча диалог» өз ишин баштады. Иш-чара бажы администрацияларынын, эл аралык уюмдардын жана бир катар өлкөлөрдөн келген эксперттердин өкүлдөрүн бириктирди.

 КРнын Бажы кызматынынын маалыматына ылайык, жыйындын алкагында бажы кызматтарын санариптик трансформациялоо, жасалма интеллект технологияларын колдонуу, санариптик транзиттик чечимдерди өнүктүрүү, маалыматтык системаларды интеграциялоо жана бажы башкаруусунун заманбап ыкмалары талкууланды.

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев заманбап бажы органдары көзөмөл жүргүзүүчү гана түзүм болбостон, эл аралык соода, логистика жана санариптик кызматташтыкты камсыз кылган маанилүү экосистеманын бир бөлүгүнө айланганын белгиледи.

Иш чаранын жүрүшүндө - Азербайжан, Казакстан, Сингапур, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын бажы администрацияларынын өкүлдөрү өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү.

Мамлекеттик бажы кызматынан белгилешкендей, эл аралык тажрыйбаларды үйрөнүү жана ийгиликтүү санариптик чечимдерди колдонуу аркылуу бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, мамлекеттик чек ара аркылуу товар өткөрүү процессин тездетүүгө жана сооданы жеңилдетүүгө өбөлгө түзүлөт.

Конференция КРнын Мамлекеттик бажы кызматы, Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси жана GIZ тарабынан Европа Биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана Транс-Каспий транспорттук коридорунун потенциалын өнүктүрүү» программасынын алкагында уюштурулду.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткен облусунда туризм тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов облус башчысынын орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушуп, аймактагы туризмдин негизги маселелери жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Андан

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери  тажрыйба алмашууну көздөшөт

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери тажрыйба алмашууну көздөшөт

10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгилеп,

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок нак чет

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткен районунда көп балалуу 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатта 36 энеге "Баатыр эне" ордени, ал эми 34 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун