Жаңы “Ош” базары тарапка эки кошумча жол салынат

Жаңы “Ош” базары тарапка эки кошумча жол салынат

 Жаңы “Ош” базары менен “Батыш” автобекетине алып баруучу жаңы жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жаңы салынып жаткан жол Профсоюз көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чыгат. Долбоорго ылайык, жолдун жалпы узундугу 5 чакырым 800 метрди түзөт.

Долбоордун алкагында жаңы “Ош” базарына жана жаңы автобекетке алып баруучу дагы эки кошумча жол салынат. Алардын бири 1 чакырым 600 метр, экинчиси 1 чакырым 300 метр узундукта болот.

Мындан тышкары, долбоордун курамында 13 суу өткөрүүчү түтүкчө, жарыктандыруу тутуму, тротуарлар жана бир көпүрө куруу каралган. Көпүрөнүн узундугу 18 метрди, туурасы 25 метрди түзөт. Ал Чоң Чүй каналынын үстүнө салынууда. Жеринде  100 атайын техника жана 100дөй жумушчу тынымсыз иш алып барууда.

“Ош” базары менен “Батыш” автобекети шаардын сыртына көчүрүлүп жаткандыктан, бул жол келечекте башкы транспорттук артерия болуп калат. 

Атап айтканда, бул инфраструктуралык долбоор шаардагы унаа тыгындарын азайтып, долбоор толук ишке ашырылганда жаңы базарга жана автобекетке каттамдар кыйла жеңилдейт.

Мындан тышкары окуңуз

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт