Компаньондон 2 миллион

Компаньондон 2 миллион

Компаньон Банк «Компаньон» мобилдик тиркемесинин колдонуучуларына акчалай сыйлык тартуулайт.

Көп кыйналбай алты нөлдөн турган акча алгыӊыз келеби? Компаньон Банк дал ушундай мүмкүнчүлүк тартуулайт! Андыктан дароо азыр ири акчалай сыйлыктар каралган «Компаньондон 2 миллион» жаӊы акциясына кошулуӊуз.

Биринчи миллионер болуш үчүн эмне кылыш керек? Мында кокустукка эч ишенбеӊиз – ийгилик сиздин аракетке жараша болот. Ал үчүн туугандарды, досторду жана тааныштарды рефералдык шилтеме аркылуу «Компаньон» тиркемесине чакырыӊыз жана ошондо сиздин джекпот утуу мүмкүнчүлүгүӊүз эки эсе жогорулайт! Экинчи миллионду мобилдик тиркеменин продукттарын жана сервисти эӊ активдүү колдонуучу алат. Азыр баарын толук айтып беребиз.

Акцияга кантип катышууга болот?

Акцияга катышуунун шарты эӊ жөнөкөй – ал үчүн «Компаньон» мобилдик тиркемесинин колдонуучусу болуу керек. Эгерде сизде дагы деле тиркеме жок болсо, анда Google Play же App Store аркылуу смартфонго көчүрүп алып, аралыктан же банктын кеӊселеринен идентификациядан өтүӊүз жана жакындарды рефералдык шилтеме аркылуу чакыруу үчүн автоматтык түрдө 50 сом алыӊыз.

Рефералдык шилтеме деген эмне жана аны менен кантип акча тапса болот?

Рефералдык шилтеме – бул ар бир колдонуучу үчүн тиркемедеги өзгөчө символдор жана сандар топтому менен түзүлгөн өзгөчө линк. Аны бардык мессенджер аркылуу жакын адамдарга жибериӊиз. Жөнөтүлгөн шилтеме аркылуу «Компаньон» тиркемесин көчүргөн ар бир катышуучу үчүн 50 сомдон акчалай сыйлык берилет. Катышуучуларды кошуу үчүн чектөө жок. Чакырылгандар канча көп болсо, ошончо көп бонус ошол замат сиздин тиркеменин балансына которулат. Ошондой эле, андан өзгөчө шилтеме аркылуу канча адам «Компаньон» мобилдик тиркемесине өткөнүнө жана жаӊы колдонуучу болуп калганын көрүп турууга болот.

Бул дагы эчтеке эмес! Ай сайын акциянын эӊ активдүү 10 катышуучусу эки номинациянын ар биринен 5 000 сомдон 50 000 сомго чейин акчалай сыйлык алат: 

  •   чакырылган жана идентификациядан өткөн эӊ көп колдонуучулар үчүн;
  •  «Компаньон» тиркемесиндеги эӊ көп операция аткарылган активдүүлүк үчүн;  

Эӊ көп колдонуучу чакырган жана мобилдик тиркемеде эӊ жогорку активдүү болгон катышуучулар акцияны өткөрүү убагында «Компаньондон 2 миллион» супер байгеси үчүн атаандаша алышат! Финалда ар бирине 1 000 000 сомдон сыйлык бериле турган эки жеӊүүчү аныкталат.

Активдүү бол жана миллион утуп ал!

«Компаньон» мобилдик тиркемеси – бул 500 ашык банктык жана башка финансылык кызматтар, ыӊгайлуу интерфейс жана ишенимдүүлүк!

Акциянын толук шарттары www.kompanion.kg Компаньон Банкынын расмий сайтында.

0:00
/1:10

Read more

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 18.6 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын май айында 927.4 млн сом төлөнүп, бул акыркы үч жыл ичиндеги айларга салыштырмалуу эң чоң салык төлөмү болду. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин компания «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны

«Алтын тамга» артыкчылык аттестат ээлерине «Альянс Алтын» ноутбук тапшырды

«Алтын тамга» артыкчылык аттестат ээлерине «Альянс Алтын» ноутбук тапшырды

«Альянс Алтын», 30-майда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен облус аймагында «Алтын тамга» артыкчылык аттестаттына ээ болгон окуучулар сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун жетекчиси Баатыр Качкынбаевдин

РКӨФ жана «Альянс Алтын» биргеликте Таластагы долбоорлорду каржылайт

РКӨФ жана «Альянс Алтын» биргеликте Таластагы долбоорлорду каржылайт

Россия-Кыргыз өнүгүү фонду «Альянс Алтын» компаниясы жана ушул эле аталыштагы өнүктүрүү фонду үч тараптуу кызматташуу келишимин түзүштү. Келишим энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана башка негизги багыттарда биргелешип иштөөгө багытталган. Бул кызматташтыктын алкагында РКӨФ жана «Альянс Алтын» өнүгүү фонду Талас облусунда тиешелүү долбоорлорду тандап, экспертизадан өткөрүп,

Шылуундарды  кантип таануу боюнча Улуттук банктын кеңештери

Шылуундарды кантип таануу боюнча Улуттук банктын кеңештери

Акыркы убакта Кыргызстанда банк тармагында алдамчылык фактылары көп катталууда. Кыргызстандыктар социалдык тармактарда, телефон аркылуу же мессенджер аркылуу алданууда. Алдамчылыктын курмандыктары акчасы уурдалгандан кийин гана билишет. Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү Economist.kgге каржы тармагындагы алдамчылыктын түрлөрү тууралуу айтып берди, бул жарандардын сергек болушуна жардам берет. Банк тармагында алдамчылыктын кандай