Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салынды

Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын аягына чейин ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы билдирди.

Жарлыкка ылайык, укук коргоо жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ишкерлерди текшерүүгө тыюу салынат. Бирок ишкерлер бардык текшерүүлөрдөн бошотулбайт.

Эгерде ишкана же жеке ишкер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталса, анда мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын  суроо-талабы боюнча текшерүү жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө электр унааларын кубаттоочу 7 жаңы станция ишке кирди

Ысык-Көлдө электр унааларын кубаттоочу 7 жаңы станция ишке кирди

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 4, Кызыл-Суу айылында 3 кубаттоочу станция ишке кирди. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому билдирди. Жалпысынан 2026-жылдын башынан бери 18 жаңы станция курулган. Компаниянын маалыматына ылайык, бул иштер өлкөдө электр унаалары үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экологиялык таза транспортту жайылтууга багытталган.

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун укуктук борборуна мүчө болду

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун укуктук борборуна мүчө болду

30-июнда Женева шаарында Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмунун укук боюнча Консультациялык борборуна (ACWL) кошулуусу тууралуу протоколго кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстан аталган борборго мүчө болгон 47-өлкө болуп калды. Протоколго Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы туруктуу өкүлү Омар Султанов жана Консультациялык борбордун

Манас шаарындагы эс алуу паркы жаңыланып, пайдаланууга берилди

Манас шаарындагы эс алуу паркы жаңыланып, пайдаланууга берилди

Манас шаарында реконструкциядан өткөн маданият жана эс алуу паркынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, шаар жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышышты. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Артем Новиковдун маалыматына ылайык, паркты реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору РКӨФ, Манас шаарынын мэриясы жана жеке инвесторлордун өнөктөштүгү менен

Кыргызстан Эл аралык валюта фонду менен кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан Эл аралык валюта фонду менен кызматташууну кеңейтет

Каржы министри Руслан Суйналиев Ташкентте Эл аралык валюта фондунун Швейцария-Польша шайлоочулар округу боюнча аткаруучу директору Патрик Лошевски менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу 29-30-июнда Өзбекстанда өтүп жаткан Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун жыйынынын алкагында уюштурулган. Тараптар макроэкономикалык туруктуулукту камсыз