Манас шаарындагы эс алуу паркы жаңыланып, пайдаланууга берилди

Манас шаарындагы эс алуу паркы жаңыланып, пайдаланууга берилди

Манас шаарында реконструкциядан өткөн маданият жана эс алуу паркынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, шаар жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Артем Новиковдун маалыматына ылайык, паркты реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору РКӨФ, Манас шаарынын мэриясы жана жеке инвесторлордун өнөктөштүгү менен ишке ашырылды.

Билдирүүгө караганда, долбоордун жалпы наркы 6 млн$ түзүп, анын 3 млн$ РКӨФ тарабынан жеңилдетилген шартта каржыланып, шаар тургундары үчүн заманбап эс алуу жайын түзүүгө жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталды.

Бир жыл ичинде аянты 5 гектардан ашкан «Манас» паркы толугу менен жаңыланып, аймак көрктөндүрүлдү. Ошондой эле коопсуздукту камсыздоо үчүн заманбап видеокөзөмөл системасы орнотулуп, реконструкцияланган белгилүү «Байчечекей» балмуздак кафеси кайрадан эшигин ачты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген