Финансы министрлиги стартаптарга колдоо көрсөтүүгө даяр

Финансы министрлиги стартаптарга колдоо көрсөтүүгө даяр

Финансы министрлиги жеке сектордун ишканаларынын, анын ичинде микро, чакан жана орто ишканалардын өсүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн КРда бизнес чөйрөсүн жакшыртуу боюнча долбоорду иштеп чыгууда. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Буга байланыштуу КР Финансы министрлигинде министр Алмаз Бакетаевдин төрагалыгы алдында өлкөнүн бизнес тармагынын, КР Билим берүү министрлигинин, Интеллектуалдык чөйрө боюнча мамлекеттик агенттиктигинин, КР Министрлер Кабинетине караштуу Мүлк жана инновациялар, КР Финансы министрлигинин Финансы-кредиттик фонду, Кыргыз фондулук биржасы жана Ишкердикти өнүктүрүү фондунун катышуусунда жыйын болуп өттү.

Жыйында Финансы министри А.Бакетаев тарабынан демилгеленген “Стартаптарды каржылоонун финансылык инфраструктурасы” долбоору талкууланды.

Бул Долбоордун максаты - ишкердикти колдоонун мамлекеттик тутумун түзүү, жаңы баштаган ишкерлерди, алыскы региондордогу долбоорлорду каржылоо, калктын социалдык жактан аялуу катмарын өз алдынча ишке тартуу жана мамлекеттик колдоосуз андан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү.

Мындан тышкары, Долбоордун алкагында ЖОЖдордо, техникумдарда, ишке орноштуруу борборлорунда, мектептерде ишкердик боюнча билимдерди жана тажрыйбаларды окутуу жана өткөрүп берүү пландаштырылууда. Ошондой эле адистештирилген ишкердик борборлорунун, билим берүү мекемелеринин базасында финансы институттары менен бирге көндүмдөрдү өнүктүрүү жана тажрыйба топтоо каралат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапарынын алкагында министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, селден жана тоо көчкүлөрүнөн коргоочу галереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулушунун жүрүшүн

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Аялдар форумунда өлкө экономикасындагы чакан жана орто бизнестин ордун белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес Кыргызстандын ички дүң жыйымынын 51,7%ын түзөт. Ошондой эле 823 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттин 246 миңден ашыгын