Кыргызстандыктар Россиядан кантип акча жөнөтө алат

Кыргызстандыктар Россиядан кантип акча жөнөтө алат

Чет өлкөлөрдө иштеп жана жашап жаткан кыргызстандык мигранттар өз Мекенине, үй-бүлөсүнө акча жөнөтүү зарылдыгына туш болот. Мурда бул маселе көптөгөн ыӊгайсыздыктарды жана көйгөйлөрдү пайда кылчу, бирок азыр бардыгына эӊ ылайыктуу жана ушул көйгөйдү чечүүгө мүмкүндүк берген жөнөкөй жана ыӊгайлуу жол бар.

Байгазы Алымбеков – чет өлкөлөрдө иштеген көптөгөн кыргызстандыктардын бири. Үч жыл мурда ал Россиянын борборуна иштегени барган. Башында жеткирүү кызматында иштеген, андан соӊ таксист болуп эмгектене баштайт. Ал 32 жашта жана Бишкекте калган ата-энесине жардам берет. Байгазы ай сайын иштеп тапкан эмгек акысынын бир бөлүгүн үй-бүлөсүн колдоо үчүн жөнөтөт.

«Мен айына орточо 100 - 120 миӊ рублга чейин акча табам. Тапкан акчамдын үчтөн бирин ата-энеме жөнөтөм. Мен үйдүн улуусумун. Иним студент, Бишкекте окуйт, карындашым мектепке барат. Атама жашоо-шартты оӊдогонго жардам берем», – деп айтып берди кыргызстандык.

Жигиттин айтымында, буга чейин акчасын үйүнө ар түрдүү жолдор менен жөнөтчү жана улам бир ыӊгайсыздыкка туш болчу. Адатта Россиянын банктары Кыргызстанга акча которуу үчүн комиссияны кымбат алат.

Былтыр жайдан тартып Байгазы «Компаньон» мобилдик тиркемесине комиссиясыз жана пайдалуу курстар боюнча акча которууга мүмкүндүк берген «СберБанк Онлайн» мобилдик тиркемесин колдоно баштаган. 
«Иштеп тапканымдын бир бөлүгүн чогултам. Акча жыйнап, Бишкекке кайтып барып, чакан иш ачууну ойлоп жатам. Кээде топтогон акчамды ата-энеме салып турам. Алар акчаны Компаньон Банктын картасынан Кыргызстандын бардык банкоматтарынан же Компаньон Банктын кассаларынан, ошондой эле республика боюнча 2000 ашык банк агенттеринен накталай ала алышат», – деп түшүндүрдү Байгазы Алымбеков. 

Алуучуга акча ошол замат келип түшөт. Аларды телефон номер аркылуу да которууга болот, бул татаал сандык комбинацияларды улам жазуу зарылдыгынан куткарат. Ал акча курс боюнча сомго дароо конвертация болот, жөнөтүүчү акча которууда аны «Сбербанк Онлайн» тиркемесинен көрүп турат. Ошол сыяктуу эле СберБанк төлөм карталарын «Компаньон» мобилдик тиркемеси аркылуу Кыргызстандан дагы толуктоого болот.

«Компаньон» мобилдик тиркемесин Google Play же AppStore аркылуу көчүрүп алгыла жана ыӊгайлуу сервистерди колдонгула. Россиядан Кыргызстанга акча жөнөткүлө жана эл аралык которуулардын башка артыкчылыктарын пайдалангыла!

Азыр Компаньон Банк бардык кардарлар үчүн «Компаньондон 2 миллион» акциясын өткөрүүдө. Анда 1 миллион сомду рефералдык шилтеме менен эӊ көп жаӊы колдонуучу чакырган жеӊүүчү алат. Ал эми «Компаньон» тиркемесинде аткарылган операциялардын эӊ көп саны үчүн 1 миллион сомдук байге экинчи жеӊүүчүгө ыйгарылат. Которуулар канча көп болсо, утуу мүмкүнчүлүгү ошончо жогорулайт! Акциянын шарттары жөнүндө толугураак Компаньон Банктын www.kompanion.kg расмий сайтынан биле аласыздар.

Мындан тышкары окуңуз

Жаңы дайындалган башкы прокурор жамаатка тааныштырылды

Жаңы дайындалган башкы прокурор жамаатка тааныштырылды

1-июлда президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, Малик Бектургановго башкы прокурордун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, жаңы дайындалган жетекчини Башкы прокуратуранын эмгек жамаатына министрлер кабинетинин жетекчиси Адылбек Касымалиев тааныштырды. Тааныштыруу учурунда А.Касымалиев, М. Бектургановдун укук коргоо органдарындагы көп жылдык үзүрлүү эмгек жолуна токтолуп,

Дары-дармек өндүрүүчүлөр 10–12 жылга жеңилдетилген насыя ала алышат

Дары-дармек өндүрүүчүлөр 10–12 жылга жеңилдетилген насыя ала алышат

1-июлда Экономика жана коммерция министрлигинде Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, коммерциялык банктардын жана ата мекендик фармацевтикалык ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өттү. Экономика министрлиги билдиргендей, жолугушууда Министрлер кабинети 23-июнда №472-т тескемеси менен бекиткен "Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берүү" долбоорун

Кыргызстанда дан эгиндеринин аянты 486 миң гектарды түзөт

Кыргызстанда дан эгиндеринин аянты 486 миң гектарды түзөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2026-жылдын оруп-жыюу өнөктүгүн өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүгө багытталган даярдык иштери улантылууда. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө айыл чарба техникаларын оңдоо жана сезонго даярдоо иштери дыйкан-фермер чарбаларынын жана айыл чарба субъекттеринин механизаторлору тарабынан активдүү

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы логистикалык-соода борборунда курулуп жаткан кампалардын, газоблок чыгаруучу заводдун жана аквапарктын курулушунда мыйзам бузуу катталып, 1 млн сом айып пул салынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти текшерүүдө курулуш иштери Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан