«Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен кийим тигүүчү ишкана ишке кирди

«Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен кийим тигүүчү ишкана ишке кирди

Жерүй кени жайгашкан Талас облусунун Бекмолдо айыл аймагында тигүү цехи ачылды. Бул тууралуу ишкана билдирди.

Ишкананы ачуу демилгеси «Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилиги тарабынан болгон. Жерүй кениндеги жумушчулардын атайын кийимдерин тигүүчү «Айко Сейко» фабрикасына жергиликтүү аймакка кийим тигүү цехин ачуу сунушталган.

Бир жарым жыл мурун көтөрүлгөн демилге бүгүн ишке ашып, 30дай айыл тургуну иш менен камсыз болушту. Биздин компания жергиликтүү аймактын өнүгүшүнө жана тургундардын иш менен камсыз болушуна кызыктар.

Салтанатуу ачылышка катышкан КРнын президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов Бекмолдо айыл өкмөтүнүн бюджети эл муктаждыгы үчүн пайдаланылып жатканын айтты.

«Бекмолдо айыл өкмөтүнө каржылык чоң колдоо бул «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан болот. Салыктар жана жергиликтүү аймакты жакшыртуу боюнча атайын которулардын эсебинен, айыл өкмөттүн казынасы толукталып турат. Айыл өкмөтү ал каражаттарга дагы бир топ иштерди аткарууда. Компаниянын каражатынын туура багытта пайдалангандыгынын натыйжасында бүгүнкүдөй соцобъектилердин ачылууда», - деди облус башчысы.

Жаңы ачылган ишканада эмгектенип баштагандар, айлык маянасына жана шарттарына ыраазы.

Мындан тышкары окуңуз

Электр унаалары жана такси тармагында жаңы долбоорлор ишке ашат

Электр унаалары жана такси тармагында жаңы долбоорлор ишке ашат

Экономика жана коммерция министрлигинде Улуттук инвестициялык фонддун ААКсы менен кытайлык Shenzhen Wuyou Technology Co., Ltd. компаниясынын ортосунда алкактык макулдашууларга кол коюу аземи өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова жана Улуттук инвестициялык фонддун башкы директору Уран Темирбеков катышты. Макулдашуунун

2025-жылы Жалал-Абадга 420 млн доллар инвестиция тартылган

2025-жылы Жалал-Абадга 420 млн доллар инвестиция тартылган

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык жыйында үстүбүздөгү жылдын беш айындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарды, ошондой эле чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу боюнча такталган көрсөткүчтөрдү жарыялады. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. МинКаб Төрагасы билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын беш айында Кыргызстандын ички дүң продукциясы алдын ала

Ар бир окуучу 14 сомдук тамак жесе, кийинки жыдан тарта 40 сомго жогорулайт

Ар бир окуучу 14 сомдук тамак жесе, кийинки жыдан тарта 40 сомго жогорулайт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талкуулаган кезектеги аппараттык жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө МинКаб Төрагасы Президенттин Жарлыгы менен Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковду Президенттин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү кылып дайындоо жөнүндө маалымат берди. Талкуунун негизги темасы лицензиялык-

Блогерлердин салыктан бошотулушу боюнча түшүндүрмө берилди

Блогерлердин салыктан бошотулушу боюнча түшүндүрмө берилди

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Президенттин блогердерди салыктан бошотуу чечими боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бул чечим бүгүнкү блогерлер же контент жаратуучуларды колдоо. Келечекте чоң медиакомпанияларга, IT-бизнеске жана креативдүү индустрияга айлана турган долбоорлорду колдоо максатын көздөйт. Ошондой эле, ал мамлекет жаратмандарга салыктык басымды азайтуу аркылуу алардын өсүп-өнүгүшүнө