2025-жылы Жалал-Абадга 420 млн доллар инвестиция тартылган

2025-жылы Жалал-Абадга 420 млн доллар инвестиция тартылган

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык жыйында үстүбүздөгү жылдын беш айындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарды, ошондой эле чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу боюнча такталган көрсөткүчтөрдү жарыялады. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

МинКаб Төрагасы билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын беш айында Кыргызстандын ички дүң продукциясы алдын ала эсептөөлөр боюнча 781,0 млрд сомду түзүп, 12,2% реалдуу өсүш темпин көрсөткөн.
Экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычтары болуп рекорддук 64,6% өсүш катталган курулуш тармагы, 14,4%га өскөн өнөр жай, 7,0%га өскөн тейлөө тармагы жана 3,7%га өскөн айыл чарбасы саналган.

Өнөр жай секторунда химиялык продуктыларды өндүрүү эң жогорку өсүш темптерин көрсөттү үч эсеге өсүү, андан кийин фармацевтика 1,8 эсеге өсүү, транспорт каражаттары 1,6 эсеге өсүү жана тазартылган мунай продуктулары +43,7%. Ошондой эле олуттуу өсүш курулуш материалдарын өндүрүүдө +36,1%, тоо кендерин казып алууда +19,7%, тамак-аш азыктарын өндүрүүдө +15,7% жана негизги металлдарда +12,4% байкалган.

Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү мезгил ичинде 157,0 млрд. сомго жетти 63,5% өсүү. Мындай оң тенденция ички каржылоо булактарынын 1,6 эсеге жана тышкы ресурстардын 2,3 эсеге көбөйүшү менен шартталган.
Күн тартибиндеги экинчи маселеге өтүп, Адылбек Касымалиев тике чет элдик инвестициялардын агымы боюнча такталган маалыматтар менен тааныштырды.

Кыргызстандын экономикасы чет элдик бизнес үчүн жогорку жагымдуулугун көрсөтүүнү улантууда. 2024-жылы тике чет элдик инвестициялардын агымы 1 миллиард доллардан ашса, 2025-жылдын акырына карата 1,31 миллиард долларга жетиши күтүлүүдө, бул 2024-жылга салыштырмалуу 27,3%га өсөт.

Инвесторлор үчүн эң жагымдуу секторлор болуп маалымат жана байланыш агымдын өсүшү 9,7 эсе, саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө 3,3 эсе, транспорт жана жүктөрдү сактоо 3,1 эсе, тоо-кен казып алуу 2,2 эсе жана кайра иштетүү өнөр жайы 1,8 эсе болгон.

Региондук жактан алганда Жалал-Абад облусу 2025-жылы тике чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча лидер болуп, дээрлик 420 млн доллар алып, республикага тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы агымынын 32,0%ын түздү, ал эми облустун өзүнө инвестициянын агылып келүүсү 3,8 эсеге өстү.

Тартылган каражаттардын көлөмү боюнча Бишкек шаары 401,3 млн доллар 30,6% жана 228,4 млн доллар 17,4% менен Чүй облусу экинчи жана үчүнчү орундарды ээледи. Инвестициялык жигердүүлүктүн жогорку өсүш темпи Нарын облусунда да байкалып, көрсөткүчтөр 9,6 эсеге, Ысык-Көл облусунда 4,2 эсеге өскөн.

Ошол эле учурда бир катар аймактарда тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү төмөндөгөн: Талас облусунда – 38,2%, Ош шаарында – 31,3%, Бишкек шаарында – 23,6%, Баткен облусунда – 4,2%га кыскарган.

Алгылыктуу импульсту бекемдөө үчүн МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук инвестиция агенттигине, тиешелүү министрликтерге жана Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Ала-Бука - Караван жана Ала-Бука - Касансай автожолдорунун жалпы 26 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Ала-Бука - Караван автожолунун 14 чакырымына асфальт төшөө иштери толук аяктап, жол чийиндери чийилди. Учурда жол белгилерин орнотуу иштери жүрүүдө.

Ишкер Media
"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" ишканасы шаар тургундарына таштандыларды саат 19:00дөн кийин чыгарууну сунуштайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Бул чара таштанды чыгаруу иштерин оптималдаштырып, жол тыгындарын азайтууга багытталган. Ишканадан билдиришкендей, унаа кыймылы азайган кечки убакта таштанды ташуучу техникалар натыйжалуу иштейт. Мэрия тургундарды сунушту эске алып, коммуналдык кызматтардын ишине көмөк

Ишкер Media
Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК өлкөдө күндүн кескин сууктаганына байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өскөнүн билдирди. Мекеме белгилегендей, бүгүн Кыргызстандын энергосистемасында электр энергиясын суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт саатка жетти. Бул — күз мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу 16

Ишкер Media
Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы мыйзамсыз объекттерди алуу тууралуу президенттин Жарлыгын аткаруу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалым болгондой, 19-23-октябрь күндөрү шаар аймагында жеңил типтеги 44 объект жана 33 капиталдык курулуш демонтаждалды. Натыйжада 7 664 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Иштер мажбурлоо жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлдү.

Ишкер Media