Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт – дареги

Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт – дареги

2024-жылдын 27-28-январында кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Жарманкенин максаты - атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү.

Жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп турат. Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчүлөр 0555 34 60 60 телефон номуруна кайрылып, толук маалымат ала аласыздар.

Жарманкенин дареги:

1-май району (Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы логистикалык-соода борборунда курулуп жаткан кампалардын, газоблок чыгаруучу заводдун жана аквапарктын курулушунда мыйзам бузуу катталып, 1 млн сом айып пул салынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти текшерүүдө курулуш иштери Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан

Бишкекте автобуска жол кире төлөөнүн жаңы тартиби киргизилди

Бишкекте автобуска жол кире төлөөнүн жаңы тартиби киргизилди

1-июлдан тартып Бишкек шаарындагы муниципалдык коомдук транспортто заманбап электрондук төлөм ыкмаларын колдонуу менен жол кире төлөө системасы ишке кирет. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жүргүнчүлөр жол кирени “Тулпар” транспорттук картасы, Visa, Mastercard жана “Элкарт”банктык карталары, QR-коддор, ошондой эле башка электрондук төлөм кызматтары аркылуу төлөй алышат. “Тулпар” транспорттук

Караколдогу саркынды сууларды тазалоочу объекттин курулушу 90%га аяктады

Караколдогу саркынды сууларды тазалоочу объекттин курулушу 90%га аяктады

Каракол шаарында жаңы канализациялык тазалоочу курулмалар 90%га курулуп бүттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Объекттин долбоордук кубаттуулугу суткасына 12 миң куб метрди түзөт. Бул шаардагы саркынды сууларды тазалоону камсыз кылып, Ысык-Көл көлүнүн биосфералык аймагын коргоого багытталган. Жаңы тазалоочу курулмаларда саркынды

ЭВФтин Швейцария добуш берүүчү өлкөлөр тобунун отуруму болду

ЭВФтин Швейцария добуш берүүчү өлкөлөр тобунун отуруму болду

КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары А.А. Козубеков Ташкент шаарында өткөн ЭВФтин Швейцария добуш берүүчү өлкөлөр тобунун отурумуна катышып келди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, отурумда ЭВФтин Швейцария тобуна катышкан өлкөлөрдүн экономикасына учурда таасирин тийгизип жаткан глобалдуу өзгөрүүлөргө, ошондой эле дүйнөлүк рынокто орун алып