«Дордойдун» ишкерлерин онлайн салыктык кызматтар боюнча окутуу улантылууда

«Дордойдун» ишкерлерин онлайн салыктык кызматтар боюнча окутуу улантылууда

Салык кызматы Бишкек шаарынын базарларынын администрацияларын онлайн салыктык кызматтарды пайдалануусу боюнча окутууда. Окуу «Дордой» СБКнын аймагындагы салык консультанттары жана базардагы ишкерлер жана көзөмөлдөөчүлөр үчүн өткөрүлдү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Ишкерлерди тейлөө пункттарында кезек күтүүлөрдүн орун алышына жол бербөө максатында, базар администрацияларынын окутулган өкүлдөрү өз участокторунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Атап айтканда, окутууда ишкерлер салык органдарына барбастан «салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу электрондук патентти өз алдынча алуу/узартуу, ошондой эле бирдиктүү идентификациялоо системасы (ЕСИ) аркылуу «жеке кабинетке» кирүү мүмкүндүгүн алуу тууралуу маалымат берилди.

Окутууда ошондой эле Мбанк жана MegaPay мобилдик тиркемелери аркылуу электрондук патент алуу боюнча түшүндүрмө берилди.

Салык кызматынын адистери базарларда иштеген ишкерлерге кайсы салык режимин тандоо керектигин кеңири айтып беришти.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып соода иши үчүн патентти колдонуу токтотулат. Белгиленген датага чейин патент менен соода жүргүзгөн ишкерлер тийиштүү салык режимин тандашы керек.

Стратегиялык объектилерге («Дордой», «Кара-Суу» СБК) киргизилген салык төлөөчүлөр үчүн өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык каралган. Базарларда жана кичи базарларда соода ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапарынын алкагында министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, селден жана тоо көчкүлөрүнөн коргоочу галереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулушунун жүрүшүн

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Аялдар форумунда өлкө экономикасындагы чакан жана орто бизнестин ордун белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес Кыргызстандын ички дүң жыйымынын 51,7%ын түзөт. Ошондой эле 823 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттин 246 миңден ашыгын