Subscribe to Our Newsletter

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

«Дордойдун» ишкерлерин онлайн салыктык кызматтар боюнча окутуу улантылууда

Салык кызматы Бишкек шаарынын базарларынын администрацияларын онлайн салыктык кызматтарды пайдалануусу боюнча окутууда. Окуу «Дордой» СБКнын аймагындагы салык консультанттары жана базардагы ишкерлер жана көзөмөлдөөчүлөр үчүн өткөрүлдү. Бул тууралуу мекеме билдирди. Ишкерлерди тейлөө пункттарында кезек күтүүлөрдүн орун алышына жол бербөө максатында, базар администрацияларынын окутулган өкүлдөрү өз участокторунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Атап айтканда,

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков
«Дордойдун» ишкерлерин онлайн салыктык кызматтар боюнча окутуу улантылууда

Салык кызматы Бишкек шаарынын базарларынын администрацияларын онлайн салыктык кызматтарды пайдалануусу боюнча окутууда. Окуу «Дордой» СБКнын аймагындагы салык консультанттары жана базардагы ишкерлер жана көзөмөлдөөчүлөр үчүн өткөрүлдү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Ишкерлерди тейлөө пункттарында кезек күтүүлөрдүн орун алышына жол бербөө максатында, базар администрацияларынын окутулган өкүлдөрү өз участокторунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Атап айтканда, окутууда ишкерлер салык органдарына барбастан «салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу электрондук патентти өз алдынча алуу/узартуу, ошондой эле бирдиктүү идентификациялоо системасы (ЕСИ) аркылуу «жеке кабинетке» кирүү мүмкүндүгүн алуу тууралуу маалымат берилди.

Окутууда ошондой эле Мбанк жана MegaPay мобилдик тиркемелери аркылуу электрондук патент алуу боюнча түшүндүрмө берилди.

Салык кызматынын адистери базарларда иштеген ишкерлерге кайсы салык режимин тандоо керектигин кеңири айтып беришти.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып соода иши үчүн патентти колдонуу токтотулат. Белгиленген датага чейин патент менен соода жүргүзгөн ишкерлер тийиштүү салык режимин тандашы керек.

Стратегиялык объектилерге («Дордой», «Кара-Суу» СБК) киргизилген салык төлөөчүлөр үчүн өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык каралган. Базарларда жана кичи базарларда соода ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы каралган.

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Read More