Айыл чарба министри Баткендеги асыл тукум фермердик чарбанын иши менен таанышты

Айыл чарба министри Баткендеги асыл тукум фермердик чарбанын иши менен таанышты

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Баткен облусундагы «Рональдо» асыл  тукум чарбасына барды. Бул тууралуу облустагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.

Фермада Чехиядан алынып келинген симменталский монбельярд  пародасындагы ири мүйүздүү бодо мал багылат. Эт-сүт багытындагы фермердик чарба Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл  аймагынын Өрүк-Зар айылында жайгашкан.

Чарбаны ачууга фермер Мурзакарим Ботобеков 110 миң доллар инвестиция салган. Учурда 31 баш ири мүйүздүү бодо мал багылып, күнүнө 600 литр сүт алынууда. Мындан төрт ай мурда алынып келинген уйлар баары төлдөп,малдын жалпы саны 60ка жетти.

2024-жылдын май айына дагы 30баш мал алып келүү пландалган. Фермердик чарба алдыда сүттү кайра иштетүүчү ишуана ачуунун үстүндө иш алып барууда. Чарбада жети киши жумуш орду менен камсыз болгон.

Малды тоют менен камсыздоо үчүн 15 гектар айдоо жери бар. Ферма менен таанышкан Бакыт Төрөбаев,ишкердин аракетин ар тараптуу колдоо, колго алынаарын айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media