Акылбек Жапаров Түркиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолукту

Акылбек Жапаров Түркиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкарада Түркиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Жапаров Кыргызстанда ар түрдүү тармактарда түрк капиталы бар 300гө жакын компания иштерин, ал ишканаларда миңдеген кыргызстандык эмгектенерин белгиледи.

Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда дагы көптөгөн ийгиликтүү бизнес-долбоорлор ишке ашырыларына ишеним артып, Түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга активдүү инвестиция салууга чакырды.

«Түркиялык подрядчылар Кыргызстанда буга чейин 70ке жакын долбоорду ишке ашырды. Түркиялык компаниялар бул долбоорлор аркылуу өлкөбүздүн өнүгүү демилгесин колдоого алышты. Албетте, биз муну менен токтоп калбайбыз. Келечекте дагы бир топ ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырабыз деп терең ишенем», - деди ал.

Кыргызстанда акыркы үч жылда экономикалык өсүш орточо эсеп менен дээрлик 7%ды түзүп, ички дүң продукция былтыр 1 трлн 228 млрд сом болгонун айткан Акылбек Жапаров, жогорудагы максаттарга жетүүдө ишкерлердин ролу чоң экенин белгиледи.

Акылбек Жапаров Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө түрк компанияларынын менеджментин жана алдыңкы технологияларын, инвестицияларды тартууга кызыгуусун билдирди.

«Биз өлкөбүзгө болгон ишенимди арттыруу менен инвесторлорду тартууга багытталган чечкиндүү чараларды көрүп жатабыз, ачык бизнес жана инвестициялык климатты түзүүгө умтулабыз. Бул Кыргыз Республикасынын маанилүү артыкчылыктуу багыттарынын бири», - деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалары биримдигинин (TOBB) Президенти Рифат Хисаржыклы оглу жолугушууга ири түркиялык компаниялардын өкүлдөрү чогулганын айтып, ал Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттарга ыраазычылык билдирди.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушууга Түркиянын коргонуу, авиация, айыл чарба, энергетика, кызмат көрсөтүү, саламаттык сактоо, билим берүү, электрондук коммерция, кен казуу, курулуш жана кайра иштетүү тармактарындагы ири компанияларынын жетекчилери катышты.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө