Ноокатка соода-логистикалык борбор курулат – 4 миң жумуш орду түзүлөөрү күтүлүүдө

Ноокатка соода-логистикалык борбор курулат – 4 миң жумуш орду түзүлөөрү күтүлүүдө

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы менен «Мармара Стоун» ЖЧКсынын ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк макулдашуусуна кол коюлду. Бул тууралуу Ош облусундагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.

Келишим «Ош облусунун Ноокат районунда соода-логистикалык борборун куруу жана башкаруу» долбоорунун алкагында түзүлдү.

Долбоор заманбап соода-логистикалык борборду, анын ичинде соода жана оюн-зоок комплексин, тамак-аш жана азык-түлүк эмес товарларды чекене жана дүңүнөн сатуу үчүн соода борборлорун, кайра иштетүүчү цехтерди, кампаларды (муздаткычтар), женил жана жук ташуучу автоунаа үчүн токтотуучу жайларды курууну камтыйт.

Долбоордун күтүлгөн натыйжалары:

·      соода-логистикалык борбордун аймагында жабык соода жана оюн-зоок комплексинин болушу;

·      азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды, буюмдарды, курулуш материалдарын, электр тиричилик приборлорун ж.б. чекене жана дүң сатуу боюнча соода базарынын болушу;

·      мейманкана комплексинин (мейманкана, кафе жана коомдук тамактануу түйүндөрүнүн) болушу;

·      колдонуудагы ченемдик документтердин талаптарына ылайык бутиктерди, медициналык жана дарыкана пункттарын, ажатканаларды ижарага алуу үчүн ар кандай жайлардын болушу;

·      Соода-логистикалык борбордун аймагында сатуучулар жана керектөөчүлөр үчүн ыңгайлуу иштөө шарттарын түзүү;

·      иштеп жаткан инженердик коммуникацияларга кошуу же жергиликтүү курулуштарды куруу жолу менен суу менен жабдууну жана канализацияны камсыздоону эске алуу менен заманбап инфраструктураны түзүү;

·      санитардык, экологиялык нормалардын, сооданын жана коомдук тамактануунун эрежелеринин, эмгекти коргоонун, өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана нормаларынын талаптарын сактоо менен сооданы камсыздоо;

·      комплекстин аймагына кирүүчү жана чыгуучу жолдорду негизги транспорттук каттамдар менен ыңгайлуу байланыштыруучу транспорттук түйүн куруу жолу менен автобекеттин ишин уюштуруу;

·      комплекстин бардык колдонуучулар үчүн ыңгайлуу паркингди камсыз кылуучу көптөгөн унаа токтотуучу жайлардын болушу;

·      кубаттуу электр көмөкчордонун - трансформаторду монтаждоо жана калктуу пункттардан көз карандысыз электр берүү линиясын куруу;

·      мечиттин болушу.

Белгиленгендей, долбоорду ишке ашыруу үчүн 2 млрд сомдон ашык инвестиция тартуу, анын алкагында 4 миңден ашык жумушчу орундарын түзүү пландалууда.

МЖӨ борбору жумуш орундарын түзүү жана өлкөнүн экономикалык жана социалдык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ишин улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media