MEGA'дан MegaKassa ККМ: Жеткиликтүүлүк, ыңгайлуулук жана үнөмдөө!

MEGA'дан MegaKassa ККМ: Жеткиликтүүлүк, ыңгайлуулук жана үнөмдөө!

MEGA  мамлекеттик уюлдук байланыш оператору ишкерлерге уникалдуу функционалдуулугу менен MegaKassa контролдук-кассалык машиналардын  жаңычыл сервисин сунуштайт.

MegaKassa ─ бул 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын талаптарына ылайык, салык органдарына маалыматтарды онлайн режиминде өткөрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу жөнөкөйлөштүрүлгөн салык режими үчүн ыңгайлуу шайман. Кызмат товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда жана сатууда акчалай эсептешүүлөрдү фискалдык кассалык чекти берүү менен жүзөгө ашыруучу ишкерлерге багытталган.

MegaKassa кызматы MEGA & РСК Банктын "Ишкер24" кызматташтыгынын мобилдик тиркемесине катталган колдонуучуларга да жеткиликтүү.

MegaKassa онлайн -кассасын колдонуунун кандай артыкчылыктары бар:

  • жеткиликтүүлүк: кымбат аппараттык ККМди сатып алуунун зарылчылыгы жок;
  • убакытты үнөмдөө: MegaKassa'ны каттоодон өткөрүү жана ишке киргизүү MEGA тейлөө борборлорунда ишке ашырылат, демек, Кыргыз Республикасынын Салык кызматына баруу зарылчылыгы келип чыкпайт;
  • ыңгайлуулук: эми кассалык китепти жүргүзүп убара тартпайсыз, анткени бардык керектүү маалымат автоматтык түрдө MegaKassa'да сакталат;
  • көзөмөл: бардык кассалык операцияларды сервистеги жеке кабинеттен көзөмөлдөп турууга болот.
MegaKassa кызматы салыктык эсеп чөйрөсүндө ачык-айкындуулукту жана натыйжалуулукту камсыз кылуу менен, бизнес жүргүзүүдө сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз боло алат.

Колдонуучуну кошуу АКЫСЫЗ ишке ашырылат.

Маанилүү! 2024-жылдын 31-майына чейин (кошо алганда) ПKKM кызматы акысыз көрсөтүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Цемент заводго инженердик текшерүү жүргүзүлдү

Цемент заводго инженердик текшерүү жүргүзүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ноокат районундагы цемент заводуна кошумча курулган өндүрүштүк блоктун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү Кулатов айыл аймагында жайгашкан “Түштүк Кыргыз цемент” заводунда өткөрүлдү.  Адистер долбоордук документтер менен таанышып, имараттын

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2025-жылдагы иши жөнүндө отчетун жактырды

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2025-жылдагы иши жөнүндө отчетун жактырды

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Алмаз Бакетаевдин 2025-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёту угулду. Өз сөзүндө төрага 2025-жыл ичинде Улуттук банкка жүктөлгөн функциялардын бардыгы толугу менен аткарылгандыгын, банк системасында санариптик инструменттер өнүккөндүгүн баса белгиледи. “Санарип сом долбоору ийгиликтүү илгерилетилип, анын статусу ыйгарым мыйзамдуу төлөм каражаты катары бекитилди.

Эмгек министрлигинде Франциянын өкүлү менен жолугушуу өттү

Эмгек министрлигинде Франциянын өкүлү менен жолугушуу өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков Франциянын ички иштер министринин иммиграция маселелери боюнча атайын өкүлү Патрик Стефанини менен жолугушту. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эмгек миграциясы тармагындагы кызматташуунун учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Өзгөчө көңүл эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоого жана эмгек миграциясы

Кара-Көлдүн мэри жана Аксынын акими кызматтан бошотулду

Кара-Көлдүн мэри жана Аксынын акими кызматтан бошотулду

Эдилбек Тажимырзаев Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Тажимырзаевдин ордуна Азамат Турдубеков Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды. Максатбек Саргазаков Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими кызматынан бошотулду. Аксынын акими болуп Азамат Намазалиев дайындалды.