Бишкектин жеке клиникаларында МРТнын баасы төмөндөтүлдү – УКМК

Бишкектин жеке клиникаларында МРТнын баасы төмөндөтүлдү – УКМК

УКМК тарабынан карапайым калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кароо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен, баа саясатын жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, медициналык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда баа түзүү маселелери боюнча ири жеке медициналык мекемелердин катышуусунда жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Аталган иш-чаранын алкагында калкка көрсөтүлүүчү медициналык  кызматтардын сапаты жана алардын баа саясаты талкууланып, жыйынтыгында томографиялык изилдөөлөрдүн бардык позицияларына бааларды 20%га чейин төмөндөтүү боюнча бир катар ири компаниялар менен  макулдашууга жетишилди, алар: «Юнит-Реактив Фарма», «Медипол», «Томэкс», «Шаншуй Силк Роуд Кейджи», «Альфа МЕД-ЛТД», «Берди», «Медипарк», «Гульмед», «Систем Озел Тыбби Йатырымлар ве Тиджарет», «Юрфа», «Авиценна», «Меди» и «Веданта», ал эми «Кортекс Неврологиялык борбору» 30% чейин төмөндөтүүгө макулдашты.

КР УКМК лабораториялардын жана медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын жөнгө салууга, ошондой эле жеке медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга көмөк көрсөткөн мамлекеттик медициналык мекемелердин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган иш-чараларды улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media