2024-жылы Кепилдик фонд ишкердикти өнүктүрүүгө 220.8 млн сомдон ашык кепилдиктерди берген

2024-жылы Кепилдик фонд ишкердикти өнүктүрүүгө 220.8 млн сомдон ашык кепилдиктерди берген

2024-жылдын биринчи чейреги үчүн натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн талдоонун жыйынтыгы боюнча «Кепилдик фонд» ААКсы аймактар ​​боюнча маалымдады.

2024-жылдын үч айында эле ишкерлерге кепилдик колдоо аркылуу өнөктөш банктар 629.7 млн сомдон ашык кредит беришкен. Биринчи черекте республика боюнча 525 ишкер «Кепилдик фонд» ААКсынын кепилдигин пайдаланган.

Бул мезгилде берилген кепилдиктердин жалпы санынын дээрлик 88%ы өлкөнүн аймактарында 220.8 млн сомдон ашык суммада ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.

Алсак, Жалал-Абад облусунун ишкерлерине 42 млн сомдон ашык суммага 152ден ашык кепилдиктер, Ош облусунун жана Ош шаарындагы ишканаларга 31 млн сомго жакын суммага 83 кепилдик берилген, Чүй облусунун ишкерлерине 50.7 млн сомдон ашык суммага 93 кепилдик, Ысык-Көл облусуна 14.4 млн сомдон ашык суммага 50 кепилдик, Баткен облусуна 17.3 млн сомдон ашык 67 кепилдик, Талас облусуна 54 млн сомдон ашык суммага 54 кепилдик жөнөтүлгөн жана 26 кепилдик Нарын облусуна 11.2 млн.

Кепилдик берүүнүн артыкчылыктуу багыттары айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өндүрүш жана туризм индустриясы бойдон калууда.

Мындан тышкары окуңуз

Туура 69 жылдан соң Герейт-Шорон мектеби жаңыланды

Туура 69 жылдан соң Герейт-Шорон мектеби жаңыланды

Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан Герейт-Шорон мектебинин имараты, 1956-жылы курулганына карабастан, быйыл толугу менен кайрадан салынганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады. Учурда окуучулар жаңы мектеп имаратында билим алып жатышат. Объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун жалпы наркы 74 млн сомду түздү. Мектеп 550 окуучуга ылайыкталган, анын

Россияда медициналык кароодон качкан мигранттарга айып пул салуу каралып жатат

Россияда медициналык кароодон качкан мигранттарга айып пул салуу каралып жатат

Россия Федерациясы милдеттүү медициналык кароодон өтүүдөн баш тарткан эмгек мигранттарын жоопкерчиликке тартууну пландап жатканын Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин билдирди. Россияга үч айдан ашык мөөнөткө келген чет өлкөлүк жарандар үчүн медициналык кароодон өтүү мөөнөтү 90 күндөн 30 күнгө чейин кыскартылат. Медициналык мекемелер кароонун жыйынтыктарын Россиянын ИИМине тапшырууга милдеттүү болот, ал

Байерлер кайсы салык режиминде иштеши керек жана кайсы салыкты төлөшөт?

Байерлер кайсы салык режиминде иштеши керек жана кайсы салыкты төлөшөт?

Мамлекеттик салык кызматынын билдиришинче, байерлер өз ишмердүүлүгүн төмөнкү режимдер боюнча жүргүзүүгө укуктуу: * бирдиктүү салыкка негизделген жөнөкөйлөтүлгөн салык салуу системасы боюнча; * же жалпы салык режиминде. Жөнөкөйлөтүлгөн салык режимин колдонгон учурда, байерлер бирдиктүү салыктын стандарттык ставкаларын колдонушат: * 2% — накталай эмес (банктык) эсептешүүлөрдө; * 4% — накталай акча менен эсептешүүлөрдө. Бул ставкалар Салык кодексинин 423-беренесинин

Ири суммадагы интернет-алдамчылык боюнча иликтөө жүрүп, 2007-жылкы жаран кармалды

Ири суммадагы интернет-алдамчылык боюнча иликтөө жүрүп, 2007-жылкы жаран кармалды

2025-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына Н.В., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 2025-жылдын 5-ноябрында белгисиз адамдар «WhatsApp» мессенджери аркылуу батир сатып алуу шылтоосу менен ишенимге кирип, анын 49 миң 900 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын алдап алышкандыгын билдирген. Бишкек шаарынын ИИББнын Басма