Россиядан Кыргызстанга акча которуп квартира утуп алыңыз

Россиядан Кыргызстанга акча которуп квартира утуп алыңыз

Россиядан Кыргызстанга бат-бат акча которуп турасыңарбы? Анда сизде Бишкек шаарынан батир жана акчалай сыйлыктарды утуп алууга толук мүмкүнчүлүк бар, анткени «Компаньон Банкы» Россиядан Кыргызстанга акча которууларды жөнөтүүчүлөрү үчүн акцияны баштайт! 2024-жылдын 1-августунан 2025-жылдын 31-майына чейин ар бир которуу укмуштуудай байгелерди утуп алууга сизди жакындатат.

Ал эми шарттары абдан оңой! «Компаньон Банкы» тарабынан чыгарылган «Элкарт» жана Visa карталарына же «Компаньон» мобилдик тиркемесине жеткиликтүү акча которуу системаларынын жардамы менен Кыргызстанга акча которууларды жөнөтүңүз. Акция 5 аралык этаптан жана финалдан турат:

·       1-этап: 01.08.2024 ж. баштап 30.09.2024 ж. чейин

·      2-этап: 01.10.2024 ж. баштап 30.11.2024 ж. чейин

·       3-этап: 01.12.2024 ж. баштап 31.01.2025 ж. чейин

·       4-этап: 01.02.2024 ж. баштап 31.03.2025 ж. чейин

·       5-этап: 01.04.2024 ж. баштап 31.05.2025 ж. чейин

Акциянын финалдык этабы: 01.08.2024 ж. баштап 31.05.2025-ж. чейин жасалган которуулар боюнча жыйынтыктарды чыгаруу.

Ар бир аралык этапта эки номинация боюнча 10 жеңүүчү аныкталат – алар 50 000 сом алышат:

·       1-Номинация: жөнөтүлгөнкоторуулардын эң чоң көлөмү (суммасы) боюнча – 10 жеңүүчү.

·       2-Номинация: жөнөтүлгөн которуулардын эң көп саны боюнча– 10 жеңүүчү.

Бир финалдык жеңүүчү Акциянын бүткүл мезгилинин ичинде жөнөтүлгөн которуулардын эң чоң жалпы көлөмү боюнча аныкталат.

«Компаньонго» атаандаштыкка жөндөмдүү тарифтер жана тарифтер боюнча акча которуңуз жана кыялыңызга жакындаңыз!

Акча которуу системалары, нускамалар жана тарифтер менен www.kompanion.kg расмий сайтынан таанышууга болот.

​Кененирээк маалыматты алуу үчүн Кардарларды тейлөө кызматына 88 00 номери аркылуу (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз) алыңыз.

Мындан тышкары окуңуз

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media
Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда

Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жалпы кубаттуулугу 230 МВт болгон эки күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 25-октябрдагы иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалды. Билдирүүгө караганда, биринчи долбоор Айры-Там айыл аймагында ишке ашырылып, 204 гектар жерге күн панелдерин орнотуу каралган. Станциянын кубаттуулугу 130 МВтты,

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы

Ишкер Media
Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Жарандар турак жай, жаңы унаа сатып алууга, саякатка, балдардын келечеги үчүн акча каражатын топтоонун каалашат. Мындай материалдык муктаждыктарды ишке ашыруу үчүн үй-бүлөлүк бюджетти пландоо же финансылык сабаттуулук абдан маанилүү. Бул байланыштуу "Ишкер" медиа сайты даярдаган финансылык сабаттуулук боюнча суроолорго КРнын Улуттук банкынын Коомчулук менен иш алып баруу

Ишкер Media