Binance`тын кыргызстандык кардарлары 65%га өстү

Binance`тын кыргызстандык кардарлары 65%га өстү

Кыргызстан криптовалюталарды жана блокчейнди кабыл алуу боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарында. Бул тууралуу Binance`тын маркетинг боюнча глобалдык директору Рэйчел Конлан журналисттер менен жолугушууда билдирди.

"Жакында криптовалюталар боюнча мыйзамдарга жөнгө салуучу өзгөртүүлөр киргизилип, ал бир топ ийкемдүү жана натыйжалуу болгонун билебиз. Кыргызстан Борбор Азияда криптоадаптация жана криптовалюталарды кабыл алуу боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Акыркы мезгилде Кыргызстандан келген кардарлардын базасы 65%га  өстү. Бул укмуштуудай жетишкендик. Бул криптоиндустрияны жана блокчейнди өнүктүрүү үчүн бул жактагы иш-аракеттердин бардыгы жогорку деңгээлде жасалып жаткандыгынын натыйжасы", – деди ал.

Компаниянын аймактык менеджери Кыргызстанда университеттерде оффлайн жана онлайн окутуу программаларын баштоо пландалып жатканын, алгачкы этапта 10 университеттин катышарын, жалпы 60 миң адамга криптовалютанын негиздерин үйрөтүү максатында иш жүрүп жатканын кошумчалады.

Конлан ошондой эле Улуттук банк менен санарип сом жана стабилкоиндер боюнча долбоорлор ишке ашырылып, жергиликтүү колдонуучулар үчүн жеңилдиктер каралып жатканын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media
Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда

Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жалпы кубаттуулугу 230 МВт болгон эки күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 25-октябрдагы иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалды. Билдирүүгө караганда, биринчи долбоор Айры-Там айыл аймагында ишке ашырылып, 204 гектар жерге күн панелдерин орнотуу каралган. Станциянын кубаттуулугу 130 МВтты,

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы

Ишкер Media
Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Жарандар турак жай, жаңы унаа сатып алууга, саякатка, балдардын келечеги үчүн акча каражатын топтоонун каалашат. Мындай материалдык муктаждыктарды ишке ашыруу үчүн үй-бүлөлүк бюджетти пландоо же финансылык сабаттуулук абдан маанилүү. Бул байланыштуу "Ишкер" медиа сайты даярдаган финансылык сабаттуулук боюнча суроолорго КРнын Улуттук банкынын Коомчулук менен иш алып баруу

Ишкер Media