“Тамчы” инвестициялык аймагы түзүлөт

“Тамчы” инвестициялык аймагы түзүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдө «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статусу бар «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

 Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле эл аралык консультанттар, сингапурдук «Makara Capital» инвестициялык-консультациялыккомпаниясынын жетекчилери жана эксперттери катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев аталган инвестициялык аймактытүзүү өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын бири болуп саналарын белгиледи. Кеңешмеге катышкан сингапурдук «Makara Capital» инвестициялык-консультациялык компаниясынын жетекчилери менен эксперттери долбоорду долбоорлоонун жана ишке киргизүүнүн негизги принциптерин баяндашты. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Бизнес

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген