Өлкөдө акциздик маркаларды алуу мөөнөтү 1 күнгө чейин кыскартылат
Кыргызстанда ишкерлер үчүн акциздик маркаларды алууга байланышкан арыздарды кароо жана чечим кабыл алуу мөөнөтүн 3-5 жумуш күнүнөн 1 жумуш күнүнө чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган аппараттык жыйында белгилүү болду.
Маалым болгондой, учурда ишкерлер акциздик маркаларды алуу үчүн салык органдарына 3-4 жолу барып, кагаз түрүндөгү арыздарды жана кошумча документтерди тапшырууга аргасыз. Өлкө боюнча ай сайын болжол менен 1200 арыз берилет.
Жаңы реформанын алкагында арыздарды "Салык төлөөчүнүн жеке кабинети" аркылуу электрондук түрдө берүү жана документтерди текшерүүнү автоматташтыруу каралууда.
Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы, "Учкун" ААКсы жана "Абанк" ААКсынын ортосунда электрондук маалымат алмашуу жолго коюлат.
Реформа ишке ашса, ишкерлер арыздары боюнча чечимдерди онлайн алып, салык органдарына кайра-кайра баруудан бошотулат.