Минералдык жана газдалган суулар рыногу рекорддук өсүшкө жетти

Минералдык жана газдалган суулар рыногу рекорддук өсүшкө жетти

Кыргызстанда минералдык жана газдалган суулар рыногу ички суроо-талаптардын өсүү фонунда рекорддук өсүшкө жетти. 

2025-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмү 32,38 млн литрге жетип, акыркы 5 жылдагы максималдык көрсөткүчкө жеткен. 

2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу минералдык жана газдалган суу өндүрүшү 73,9%га өскөн (18,59 млн литрден 32,38 млн литрге көбөйгөн). 

Адистердин айтымында, мындай кескин секирик өндүрүш линияларынын кеңейишин, ички суроо талаптын жогорулашын, атамекендик брендерге болгон ишенимдин жогорулаганын жана жергиликтүү өндүрүшчүлөр арасында атаандаштыктын күч алганын айгинелейт. 

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында сел коркунучун азайтуу боюнча иштер жүрүүдө

Манас шаарында сел коркунучун азайтуу боюнча иштер жүрүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарында Манас шаарында сел коркунучун азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министр Шор-Суу тилкесинде сел сууларынын агымын жөнгө салуу жана калктуу конуштарды коргоо максатында курулуп жаткан сел өткөрүүчү арыктардын курулушун

Кыргызстан менен Кытай виза алуу маселесин талкуулашты

Кыргызстан менен Кытай виза алуу маселесин талкуулашты

Бишкекте кыргыз-кытай министрликтер аралык консулдук консультациялары өтүп, эки өлкөнүн кызматташтыгынын орчундуу маселелери каралды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, делегацияларды Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу жана Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Лун Чжоу жетектеди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар консулдук тармактагы кызматташтыкты кеңейтүү, жарандардын укуктарын коргоо жана эки өлкөнүн

Жалал-Абадда ири мамлекеттик долбоорлор ишке ашырылууда

Жалал-Абадда ири мамлекеттик долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынган Жалал-Абад облусундагы стратегиялык объектилердин курулушу менен таанышты. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, бүгүнкү күндө курулуш иштерине тоскоолдук жараткан көйгөйлөр жок, каржылоо үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, жумушчулардын эмгек акысы өз убагында төлөнүүдө. Бул өз кезегинде

Улуттук банк лицензиясы жок валюта алмаштырган жаранга айып пул салды

Улуттук банк лицензиясы жок валюта алмаштырган жаранга айып пул салды

КРнын Улуттук банкынын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (К.А.Э.) 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, аталган жаранга айып пулду Баткен облусундагы Улуттук банктын өкүлчүлүгү мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн салган. 2026-жылдын 8-июнуна карата