Ишкерлерге жеңилдетилген насыялар 500 миңден 5 млн сомго чейин берилет

Ишкерлерге жеңилдетилген насыялар 500 миңден 5 млн сомго чейин берилет

Ишкердикти өнүктүрүү фонду мал чарбачылыгын колдоо максатында насыя берүү чегин көбөйттү. Эми мал сатып алуу үчүн насыянын максималдуу суммасы 2 млн сомдон 3 млн сомго чейин жетет. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Асыл тукум мал сатып алуу үчүн ишкерлер 5 млн сомго чейин насыя ала алышат. Жылдык пайыздык чен — 16%, насыянын мөөнөтү — 60 айга чейин.

Мал чарбачылыгы менен алектенген жеке ишкерлерге жана жарандарга насыялар берилет. Патенти жок, бирок мал багуучу адамдар 500 миң сомго чейин насыя ала алат, ал үчүн малдын бар экендигин тастыктаган ветеринардык маалымкат талап кылынат.

Мындан тышкары, сарай куруу үчүн 3 млн сомго чейин каражат алуу мүмкүнчүлүгү бар. Фонддун маалыматына караганда, бул жеңилдетилген насыялар ишкерлерди колдоо жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында берилүүдө.

Толук маалымат алуу үчүн фонддун колл-борборуна 0559 956 799 номери аркылуу кайрылсаңыз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Казарманда суу системасын жаңылоого 300 млн сом талап кылынат

Казарманда суу системасын жаңылоого 300 млн сом талап кылынат

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын калыбына келтирүү пландалууда. Бул тууралуу 26-октябрда президент Садыр Жапаровдун районго болгон иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалды. Билдирүүгө ылайык, долбоордун болжолдуу наркы 300 млн сомду түзөт. Аталган долбоор райондо ишке ашыруу пландалган,

Ишкер Media
26-октябрь - КРнын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү

26-октябрь - КРнын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү

Жыл сайын 26-октябрда - Кыргыз Республикасынын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет. Бул күн - жүргүнчү жана жүк ташуунун үзгүлтүксүз иштешин, ошондой эле өлкөнүн жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө салымын кошкон тараптардын кесиптик майрамы болуп саналат. Республиканын автоунаа транспорту өткөн кылымдын 30-жылдарынын башында өнүккөн, ал эми ташуу үчүн негизги жүктөр болуп

Ишкер Media
Бишкекте жылуулук 28-октябрда бериле баштайт

Бишкекте жылуулук 28-октябрда бериле баштайт

Бишкекте жылытуу сезону 28-октябрдан тарта башталат. Маалыматка ылайык, мындай чечим күн сууктап, эл электр энергиясын көп жага баштагандыктан кабыл алынган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев белгиленген талаптарга ылайык, орточо суткалык абанын температурасы беш күн катары менен 8 градустан төмөн болгон учурда жылытуу сезону башталарын эске

Ишкер Media
Төрага Жапониядагы эмгектенген мекендештер менен жолукту

Төрага Жапониядагы эмгектенген мекендештер менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Жапониядагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөдө жашап, эмгектенип жана билим алып жаткан кыргызстандык мекендештер менен жолугушту. Жолугушууга Талант Мамытов баштаган “Ынтымак-Мекенчил” депутаттык тобунун мүчөлөрү жана Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Эркинбек Осоев катышты. Баарлашууда чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештер менен байланышты чыңдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо,

Ишкер Media