Казарманда суу системасын жаңылоого 300 млн сом талап кылынат
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын калыбына келтирүү пландалууда. Бул тууралуу 26-октябрда президент Садыр Жапаровдун районго болгон иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалды.
Билдирүүгө ылайык, долбоордун болжолдуу наркы 300 млн сомду түзөт.
Аталган долбоор райондо ишке ашыруу пландалган, кошумча каржылоону талап кылган артыкчылыктуу инфраструктуралык долбоорлордун катарына кирет.