Бишкекте Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялардын жарманкеси өтүүдө

Бишкекте Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялардын жарманкеси өтүүдө

Бишкек шаарынын Эски аянтында Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялардын жарманкеси өтүп жатат. Жарманке үч күнгө пландаштырылып, 9-ноябрга чейин уланат.

Иш-чара Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борбору, Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулду.

Жарандар жана шаар коноктору жарманкеге келип, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоп, алардын продукциялары менен таанышып, түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн жеткиликтүү баада сатып ала алышат.

Жарманкеде жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн алдыңкы ишканалары өз продукцияларын — өлкөдө өндүрүлгөн сапаттуу кийимдерин жана текстиль буюмдарын сунуштоодо.

Иш-чаранын негизги максаты — ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, алардын продукцияларын ички жана тышкы рыноктордо илгерилетүү жана ишкерлер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү.

Мындан тышкары окуңуз

"Кыргыз темир жолу" жүк ташууну санарип форматка өткөрүүдө

"Кыргыз темир жолу" жүк ташууну санарип форматка өткөрүүдө

Санариптештирүү темир жол тармагын өнүктүрүүнүн маанилүү багыты болуп саналат. Бул алкакта "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасы жүк ташуу процессин автоматташтырууга багытталган жаңы санариптик системаны киргизүүдө. Учурда ишканада жүк ташуулардын бардык этаптарын бириктирген "Ташуу процессинин бирдиктүү модели" программасы этап-этабы менен ишке киргизилип жатат. Система жүк

Кыргызстан менен Гонконг салык боюнча макулдашууга кол коюшту

Кыргызстан менен Гонконг салык боюнча макулдашууга кол коюшту

Кечээ Экономика жана коммерция министрлигинде онлайн-форматта Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Гонконг атайын административдик районунун ортосунда кирешеге жана капиталга салыктар боюнча кош салык салууну болтурбоо жана салыктан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. Макулдашуунун негизги максаты — эки өлкөдө иш жүргүзгөн чарба субъекттеринин кирешелерине

Ош облусунда ишкерлердин укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Ош облусунда ишкерлердин укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Ош облусунун прокуратура органдары укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана банк мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда ишкерлер менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жолугушууларда ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо маселеси талкууланып, бизнеске мыйзамсыз кийлигишүүгө жол берилбей турганы белгиленди. Мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү

Бишкек мэриясы: Бала бакчада төлөм жеке эсепке гана жүргүзүлөт

Бишкек мэриясы: Бала бакчада төлөм жеке эсепке гана жүргүзүлөт

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-аш үчүн төлөм жүргүзүүнүн тартиби тууралуу маалымдайт. Маалыматка ылайык, ар бир балага жеке эсеп ачылат. Райондук билим берүү башкармалыктары катышуу табелинин негизинде ай сайын ар бир бала үчүн өзүнчө төлөм эсебин түзүшөт. Жеке эсептин реквизиттери жана төлөнүүчү сумма тууралуу маалымат ата-энелерге