Будапештте кыргыз-венгер бизнес жолугушуусу өттү

Будапештте кыргыз-венгер бизнес жолугушуусу өттү

21-ноябрда Будапешт шаарында Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баштаган кыргыз делегациясынын, ошондой эле Венгрия өкмөтүнүн жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-венгер бизнес-форуму болуп өттү.

Экономка министрлигинин маалыматына ылайык, министр Бакыт Сыдыков кыргыз-венгер мамилелери жогорку деңгээлде экендигин айтып, өлкөлөр ортосунда ишенимдин, өз ара сый-урматтын жана узак мөөнөттүү кызматташууга умтулуунун бекем пайдубалы түзүлгөнүн баса белгиледи. Ошондой эле, министр Кыргыз Республикасы соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана жаңы биргелешкен демилгелерди баштоого даяр экенин билдирди.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар ишкердик өз ара аракеттенүүнү мындан ары да кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты. Бул Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода, инвестиция жана экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 5-ноябрда жаштар форуму өтөт

Бишкекте 5-ноябрда жаштар форуму өтөт

5-ноябрда Бишкек шаарындагы Жаштык Аренада "Кыялымдагы Кыргызстан" жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлады. Билдирүүгө караганда, иш-чарага активдүү жаштар, студенттер жана жаш лидерлер катышат. Алар өлкөнүн өнүгүү багыттары боюнча өз ойлорун жана сунуштарын билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Форумдун максаты — жаштардын өлкөнүн өнүгүүсүнө байланыштуу демилгелерин колдоо, алардын

Ишкер Media
Ала-Бука районунда 29 айыл таза суу менен камсыздалды

Ала-Бука районунда 29 айыл таза суу менен камсыздалды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Маалымдалгандай, Ала-Бука районунда аталган жылдары 29 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалып, 66 чакырымдан ашык жол асфальтталды. Ошондой эле

Ишкер Media
Улуттук банк насыяларды мөөнөтүнөн мурда төлөө жана күрөөнү текшерүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Улуттук банк насыяларды мөөнөтүнөн мурда төлөө жана күрөөнү текшерүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы насыяларды аралыктан тейлөө каналдары аркылуу мөөнөтүнөн мурда төлөө жол-жоболорун өркүндөтүүнү жана күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктү видео аркылуу текшерүү мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банктын коомдук талкууга чыгарган токтом долбоорунда камтылган. Документке ылайык, насыя алуучуларга банкка барбастан, аралыктан тейлөө каналдары аркылуу насыясын мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүгүн

Ишкер Media
Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Россиянын бизнес коомчулугуна тааныштырылды

Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Россиянын бизнес коомчулугуна тааныштырылды

Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы расмий өкүлү Кубанычбек Осмонбеков инвестициялык коомчулуктун өкүлдөрүнө Кыргызстандын инвестициялык потенциалын тааныштырды. Мекеменин маалыматына ылайык, анда өлкөнүн инвестиция тартуудагы артыкчылыктуу багыттары, Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү баяндалды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын банк секторуна, эл аралык эсептешүүлөргө, ошондой эле

Ишкер Media