Ак-Талаада сафлор майын өндүрүүчү ишканага жаңы жабдуулар орнотулду

Ак-Талаада сафлор майын өндүрүүчү ишканага жаңы жабдуулар орнотулду

Ак-Талаа районуна ВВП ООН долбоорунун каржылоосу аркылуу сафлор майын чыпкалоочу ишканага Түркиядан жаңы өндүрүштүк жабдуулар алынып келди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ишкананын ээси, жеке ишкер Акылбек Абдылдаевге шилтеме берүү менен билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы линия суткасына 800 кг сафлор майын сыгууга мүмкүнчүлүк берет. Учурда жабдуулар орнотулуп, ишкана жакынкы күндөрү толук иштей баштайт.

Буга чейин ишкана кардарлардын талабына жараша күнүнө 50 литрге чейин гана май чыгарып келген. 2023-жылдан бери иштеп келе жаткан өндүрүш өткөн жылы 5 тонна, быйыл 10 тоннадан ашык сафлор уругун кайра иштетти.

Учурда сафлор майынын баасы 1 литри 200 сом.

Жаңы жабдуулардын орнотулушу райондогу кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө, жаңы өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана жергиликтүү ишкерлерди колдоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Өлкө лидери Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.  Бул тууралу президенттик администрациядан билдиришти. Берилген маалыматка ылайык, Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-

Ишкер Media
Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media