Заманбап асфальт заводун ачкан ишкер Тынчтыкбек Курбанбековдун ийгилик тарыхы

Заманбап асфальт заводун ачкан ишкер Тынчтыкбек Курбанбековдун ийгилик тарыхы

Миграциядан мекенине кайтып келгенден кийин Тынчтыкбек Курбанбеков өзүнүн жол куруучу компаниясын түзүп, "Кепилдик фонд" ААКсынын колдоосу менен заманбап асфальт заводу менен техникаларды сатып алууга жетишти. Анын бизнеси жолдорду гана курбастан, аймактын өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да ачууда, - деп билдирет "Кепилдик фонддун" маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, 2016-жылга чейин Тынчтыкбек Россияда жана Европанын бир катар өлкөлөрүндө эмгектенип жүргөн. Кыргызстанга кайтып келип, топтогон тажрыйбасын пайдаланып, өз бизнесин ачууга чечим кабыл алат. Ушундайча Баткен облусунда жол куруу жана оңдоо иштери менен алектенген "Автомагистраль" ЖЧКсы түзүлгөн.

Иштин көлөмү өсүп, өндүрүштү кеңейтүү жана өз асфальт заводун сатып алуу зарылчылыгы пайда болот. Бирок жетишсиз күрөө камсыздоосу насыя алууга тоскоол болгон.

2023-жылы Тынчтыкбек алгач ирет банкка кайрылып, "Кепилдик фонд" ААКсынын кепилдиги аркылуу насыя алат. Анын арызы кыска убакытта каралып, Кытайдан заманбап асфальт заводун сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул окуя компаниянын өсүшүндө чечүүчү бурулуш болгон.

Кийинчерээк ал экинчи жолу "Кепилдик фонд" ААКсынын колдоосуна кайрылып, алган кепилдиги аркылуу курулуш техникасын — погрузчик жана катокту болжол менен 120 миң АКШ долларына сатып алган.

Бүгүнкү күндө ишкана Баткен облусунун 20дан ашык жашоочусун жумуш менен камсыз кылууда. Жакында темир-бетон буюмдарын жана бетон эритмесин чыгаруучу эки жаңы завод ишке кирген соң, кызматкерлердин саны 40 адамга чейин көбөймөкчү.

Мурда "Автомагистраль" асфальтты Кызыл-Кыядан сатып алып, сезон ичинде 4 миң тоннадай асфальт төшөсө, азыр бул көлөмдү болгону бир — бир жарым айда иштеп чыгууга жетишүүдө. Компания мамлекеттик жана жеке сектордогу тапшырыктарды тең аткарып келет.

"Мен ишкерлерге “Кепилдик фонд” ААКсына кайрылууну кеңеш берет элем. Бул жерде кепилдик гана бербестен, бизнес-планды иштеп чыгууга да жардам беришет", — дейт Тынчтыкбек Курбанбеков.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Өлкө лидери Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.  Бул тууралу президенттик администрациядан билдиришти. Берилген маалыматка ылайык, Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-

Ишкер Media
Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media