Жеке ишкердикти жабуунун тартиби боюнча Салык кызматы түшүндүрмө берди

Жеке ишкердикти жабуунун тартиби боюнча Салык кызматы түшүндүрмө берди

Мамлекеттик салык кызматы жеке ишкердикти токтотууну пландаган жарандар үчүн жол-жобону түшүндүрүп берди. Маалыматка ылайык, ишкердикти жабуу үчүн жарандар катталган жери боюнча салык органына арыз тапшыруусу керек.

Ишмердүүлүктү токтотуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • STI-164 формасы,
  • жеке күбөлүк,
  • ликвидациялык отчеттор (зарыл болгон учурда).

Эгер ишкердикте контролдук-кассалык машина (ККМ) колдонулса, аны да сөзсүз түрдө эсептен чыгаруу керек.

Салык кызматы отчеттуулукту текшерген соң, бардык талаптар аткарылып, эч кандай карыздар жок болсо, 15 жумушчу күндүн ичинде расмий чечим чыгарат. Эгер тобокелчиликтер аныкталса, кошумча көчмө текшерүү жүргүзүлүшү мүмкүн.

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге эскертет: жеке ишкердик толук жабылганга чейин жаңы ишкердик ача албайсыз.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Өлкө лидери Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.  Бул тууралу президенттик администрациядан билдиришти. Берилген маалыматка ылайык, Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-

Ишкер Media
Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media