Аравандык ишкер 5 сотых жерден жылына 2-3 миң банка лимон ширесин өндүрүп жатат

Аравандык ишкер 5 сотых жерден жылына 2-3 миң банка лимон ширесин өндүрүп жатат

Араван районунда  лимонду кайра иштетүүчү фабрика  ишке кирип, анда лимондун ширеси гана эмес, анын кабыгынан да заманбап жабдуулар менен варенье өндүрүлүп жатат. Бул технология фермерлердин арасында жайылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Райондо тропикалык өсүмдүктөрдү өстүргөн фермерлерди колдогон консультациялык борбор түзүлгөн. Алардын бири — Миркамил Касымов, аянты 5 сотых күнөскананын ээси. Күнөсканада 30 лимон дарагы, мандариндер, банандар жана папайя өсөт.

Лимон дарактары сегиз жылдан бери түшүм берип, жыл сайын түшүмдүүлүгү жогорулап келе жатат. Фермердин айтымында, лимон 100 жылга чейин мөмө бере алат, татаал каражат талап кылбайт жана өтө кирешелүү өсүмдүк болуп эсептелет.

Кышында күнөскананын температурасы  10–15 градус деңгээлде сакталат. Жайкысын ал салкын болушу үчүн жарым-жартылай атайын тор менен жабылат.

 Бир лимон бадалы жылына 100 килограммга чейин түшүм бере алат. Аталган чарбада лимондун баасы — 250 сом, ал эми базарда 300–350 сом. 1 килограмм лимондон 370 грамм таза сапаттуу шире чыгат.

Миркамил Касымов "Бир айыл — бир продукт" программасы менен кызматташып, жылына 2–3 миң банка лимон ширесин чыгарат. Быйыл жаңы өндүрүш ишке кирип, үч түрдөгү кайра иштетилген продукция чыгарылган. Жакын арада "бал менен лимон" аттуу жаңы линия да сатыкка чыгат. Ошол убакта он жергиликтүү аялды жумушка алынат.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media