Баткенде күнүнө 2 тонна мөмө-жемиш иштетүүчү фабрика ачылды

Баткенде күнүнө 2 тонна мөмө-жемиш иштетүүчү фабрика ачылды

Баткен районунун Самаркандек айылында мөмө-жемиштерди кайра иштетүү фабрикасы өз ишин баштады. Жергиликтүү ишкер тарабынан түзүлгөн бул ишкана күнүнө 2 тоннага чейин продукцияны кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Баткен облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Фабрикада мөмөлөр жуулуп, атайын жабдуулар менен кургатылып, андан соң сатууга даярдалган пакеттерге салынат.

Сырьё жергиликтүү дыйкандардан сатып алынат, ал эми даяр өндүрүш аймактагы дүкөндөргө сатылып гана тим болбостон, Казакстан жана Россияга экспорттолот.

Жаңы ишканада 12 жаңы жумуш орду түзүлгөн. Фабриканын расмий ачылышы 31-августка – Эгемендүүлүк күнүнө белгиленди. Жалпы инвестиция көлөмү болжол менен 20 млн сомду түзөт. Азыркы учурда Баткен районунда мөмө-жемиштерди кайра иштетүү боюнча толук функционалдуу эки ишкана иштеп жатат.

Жакынкы убакта дагы бир муниципалдык ишкананын ишке кириши күтүлүүдө, бул өндүрүштү кеңейтүүгө жана кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Аймактагы айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн өнүгүшү түшүмдү сактоо шарттарын жакшыртууга, жоготууларды азайтууга жана экспорттук жөнөтүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө салым кошот, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media