Ишкерлер үчүн бардык мамлекеттик кызматтар бир терезеде көрсөтүлөт

Ишкерлер үчүн бардык мамлекеттик кызматтар бир терезеде көрсөтүлөт

Салык кызматы сервистик багыттагы органга айланып, онлайн форматта да, жеке кайрылууда да көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатып жатат.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, Ишкерлерди тейлөө борборлору ачылган, анда салык кызматтары жана бир катар башка мамлекеттик кызматтар “бир терезеде” көрсөтүлөт.

Ишкерлерди тейлөө борборлору күн сайын 2 000ге чейин жарандарга жана ишкерлерге сапаттуу мамлекеттик кызматтарды алууга жардам берет.

Бул жерде кадимки салык төлөөчүлөр да, ишкерлер да ыкчам түрдө төмөнкү кызматтарды ала алышат:
• бизнести каттоо жана кайра каттоо;
• отчетторду жана декларацияларды кабыл алуу;
• карыздын жоктугу тууралуу маалымкаттар;
• лицензиялар жана уруксат берүүчү документтер;
• мамлекеттик реестрилерден көчүрмөлөр;
• бизнес ачуу жана жүргүзүү, экспорт жана Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча консультациялар;
• Булуттук электрондук кол тамганы алуу.

Мындай борборлорду түзүү административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана бизнести жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Даректер: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 152;
Ош шаары, А. Масалиев проспектиси, 75.

Иштөө графиги:дүйшөмбү – шейшемби: саат 9:00дөн 18:00гө чейин.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media