Сузакта цитрус бактарын өстүргөн дыйкан быйыл лимондон 800 кг түшүм алды

Сузакта цитрус бактарын өстүргөн дыйкан быйыл лимондон 800 кг түшүм алды

Сузак районунун Барпы айыл аймагында дыйкан акыркы 2 жылдан бери климатка анча ылайык келбеген цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүп келет. Мандаринди сыноо үчүн отургузган дыйкан учурда жакшы түшүм алып, лимон жана башка тропикалык өсүмдүктөрдү да өстүрүүгө жетишти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Заманбап агротехникалык ыкмаларды колдонуу натыйжасында мандаринден сапаттуу жана мол түшүм алынууда. Мындан тышкары, дыйкан эки жылдан бери лимон өстүрүп, быйылкы жылы 800 килограммга чейин түшүм жыйнады. Алынган продукция жергиликтүү керектөөнү камсыздоодон тышкары, базарларда сатылууда.

Учурда дыйкандын күнөсканасында банан, курма, лимон, мандарин жана мандариндин башка түрлөрү өстүрүлүүдө. Ал келечекте күнөсканасын кеңейтип, тропикалык өсүмдүктөрдүн түрлөрүн көбөйтүүнү пландап жатат.

Бул демилге аймакта жергиликтүү дыйкандар үчүн жаңы багыт жана ийгиликтүү тажрыйба болуп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media