Жеке ишкерлер онлайн режимде кайра каттала алышат

Жеке ишкерлер онлайн режимде кайра каттала алышат

Эми жеке ишкерлер мамлекеттик салык кызматынын cabinet.salyk.kg сайты аркылуу онлайн режиминде кайра каттоо боюнча арыз тапшыра алышат. Процесс толугу менен автоматташтырылып, арызды кароо убактысы болгону 5-10 мүнөттү түзөт.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, жеке ишкерлер жаңы сервисти колдонуу менен төмөнкү операцияларды жүргүзө алышат:

  • юридикалык даректи өзгөртүү (анын ичинде башка районго өткөндө);
  • салыктык каттоо районун өзгөртүү;
  • салык режимин жана реквизиттерин өзгөртүү;
  • ишмердүүлүктүн жаңы түрлөрүн кошуу.
Сервис күнү-түнү — 24/7 режиминде иштейт жана Кыргызстандын жана дүйнөнүн каалаган бурчунан жеткиликтүү. Мурда арыздарды кароо 2–3 жумушчу күн талап кылса, эми процесс 5–10 мүнөттө бүткөрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

17-сентябырда саат 09:00дөн - 19:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Өчүрүү району: эски аэропорттун аймагы, Ч. Айтматов проспектиси, Токтоналиев көчөсү, Т. Океев көчөсүндө болот. Бишкексууканал  муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда,

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарын облусунун Нарын районундагы Мин-Булак айыл аймагында эки комбайн сатып алууда мамлекетке 4 млн 945 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу мамлекеттик сатып алуулардын жүрүшүндө аныкталган. Келтирилген зыяндын көлөмү Кыргызстандын Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын корутундусу менен белгиленген.

Санарип рубль жүгүртүүгө чыгарылды

Санарип рубль жүгүртүүгө чыгарылды

Россияда 1-сентябрдан тарта санарип рубль улуттук валютанын накталай жана накталай эмес акчадан кийинки үчүнчү формасы  - расмий жүгүртүүгө киргизилди. Эксперт Сергей Щербаков басылмасына санарип рублдин өзгөчөлүктөрү жана аны колдонуу тартиби тууралуу Газета.Ru басылмасына айтып берген. Санарип рубль — кадимки рубль сыяктуу эле төлөм каражаты. 1 санарип рубль 1 кадимки рублге

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Калифорниянын Купертино шаарындагы Стив Жобс театрында Apple компаниясынын жаңы өнүмдөрүнүн бет ачары болуп өттү. Иш-чараны компаниянын жаңы дайындалган башкы директору Джон Тернус биринчи жолу өткөрдү. Бул тууралуу Газеты.Ru басылмасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, бет ачардын жүрүшүндө Apple компаниясы өзүнүн алгачкы бүктөлмө смартфонун — iPhone Duo моделин тааныштырды. Аппарат ачылган учурда