Девелоперден кирешелүү кыймылсыз мүлк операторуна карай: Arius өз бизнес моделин кантип кайра түзүп жатат

Девелоперден кирешелүү кыймылсыз мүлк операторуна карай: Arius өз бизнес моделин кантип кайра түзүп жатат

Кыргызстандын кыймылсыз мүлк рыногу өсүү жөнөкөйлүктүн синоними болбой калган фазадан чыгып баражатат. Объекттер көбөйүп, атаандаштык күчөп, каталар барган сайын айкыныраак көрүнүүдө. Ушул шартта “ким ылдамыраак курат?” деген суроодон көрө “ким долбоорду аягына чейин жеткирип, ишенимди сактай алат?” деген суроо көбүрөөк коюлууда.

Arius курулуш компаниясы рынокто 2014-жылдан бери иштеп келет. Бул убакыт аралыгында бизнес подряддык жана чекиттик долбоорлордон так концепциясы жана кийинки башкаруу логикасы бар өз объекттерине чейин өсүп жетилди. Компаниянын ээси Эрмек Султангазиевдин айтымында, масштаб өскөн сайын жасаган ишке да болгон ички мамиле өзгөрөт.

“Ишти баштаганда, албетте, өсүү жөнүндө ойлойсуң. Долбоорлор, акча, көлөмдөр — бул нормалдуу нерсе. Бирок кийин сен өзүңө башка суроолорду бере баштаган мезгил келет. Шаарда сенден кийин эмне калат? Бул үйлөрдө адамдар кантип жашайт? 10–15 жылдан кийин сен жөнүндө эмне дешет? Курулушта “артка кайтаруу” деген баскыч жок. Үй ондогон жылдар бою турат же сенин катаң болуп калат. Анан муну өзгөртө албайсың”.

Репутация — жашап кетүү маселесиндей

Arius үчүн репутация — бул имидж же презентациядагы кооз сөз эмес. Бул иштеп жаткан инструмент. Бишкекакыркы жылдары долбоорлор токтоп калган, курулушчулар жоголуп, адамдар бүтпөгөн объекттер менен калганкөп мисалдарга күбө болду.

“Шаарда пайдаланууга берилбей калган объекттер канчалык көп экенине баарыбыз күбөбүз. Кээ бир жердедокумент маселеси, айрымдарында каржылоо, кээ бирөөлөр күчүн туура эсептей алган эмес. Натыйжада ишенген, акчасын берген адамдар жабыркайт. Мен үчүн бул принципиалдуу маселе. Эгер адамдардан акча алсаң, долбоорду аягына чейин жеткирүүгө милдеттүүсүң. Башка жол жок”.

Султангазиевдин айтымында, дал ушул түшүнүк компанияны жаңы долбоорлорго өтө этият мамиле кылууга мажбурлайт.

“Биздин рынок чакан. А адамдардын эс тутуму узак. Бир жолу мүмкүнчүлүгүңдөн ашыкча убада берип, жакшы акча тапсаң болот. Бирок андан кийин иштей албай каласың. Курулушта мындай нерселер бат эле кайра кайтып келет”.

Навакет”: баарына эле ылайыктуу долбоор эмес — анын күчү да ушунда

“Навакет” долбоору Arius үчүн жөн гана бүткөрүлгөн объект эмес, жетилгендиктин сыноосу болду. Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү кичинекей клубдук үй башынан эле тар чөйрө үчүн ылайыкталган продукт катары пландалган.

“Бул долбоор баарына арналбаганын башынан түшүнгөнбүз. Кичинекей үй, сапаттуу материалдар, экологиялык таза район, тынчтык. Бул массалык формат эмес. Биздин сатып алуучу — жайлуулукту, тазалыкты жана тынчтыкты баалаган адам. Туруктуу ызы-чуудан алыс жашагысы келген киши”.

Дал ушул долбоор компаниянын ээсине “2025-жылдын Ардактуу ишкери” сыйлыгын алып келди. Бирок ал муну ашыкча пафос менен кабыл алган жок.

“Албетте, жагымдуу болду. Биринчи кезекте командама жана өнөктөштөргө болгон кубанычты, сыймыкты, ыраазычылыкты сездим. Бирок бул мен үчүн мара эмес. Ар бир сыйлык — сен азырынча баарын туура жасап жатканыңдын белгиси гана. Андан ары сенде кайра эле жаңы курулуш, кайра эле жоопкерчилик”.

Рынок: баалар төмөндөйт деп күтүү – өзүңдү өзүң алдоо

Кыймылсыз мүлк баалары тууралуу суроодо Султангазиев түз сүйлөгөндү жактырат. Анын пикиринде, турак жайдын кескин арзандашын күтүү реалдуу негизге ээ эмес.

“Эң жакшы дегенде стабилдешүү жөнүндө айтууга болот. Биз динамикалуу өнүгүп жаткан экономикада жашап жатабыз. Курулуш материалдары кымбаттап жатат, күйүүчү май, логистика баасы өсүп жатат. Мындай шартта кыймылсыз мүлк арзан болуп кетет деп күтүү — бул реалдуу боло турган нерсе эмес, жөн гана жакшылыктан үмүт үзбөө”.

Ошол эле учурда, курулуштун алгачкы этаптарында сатып алуу чындап эле пайдалуу болушу мүмкүн, бирок бир шарт гана менен.

“Эгер жакшы баа кааласаң, эрте кирүү логикалуу. Бирок тобокелчиликтерди эске алуу керек. Курулушчулардынуруксат документтери барбы, буга чейин кандай долбоорлорду бүткөргөн — мунун баарын караш керек. Ишеним жок болсо, баанын эч кандай мааниси жок”.

Эмне үчүн Arius апарт-отелдерге өтүп жатат

Компания коммерциялык кыймылсыз мүлккө өтүүнү табигый процесс деп эсептейт. Курулуш тармагы өскөн сайын, турак жай рыногу фрагментациялана баштайт, а суроо-талап теңеле баштайт.

“Курулуш өскөндө сунуш да көбөйөт. Убакыт өткөн сайын турак жай фонду стагнация боло баштайт. Ишкер андан ары өнүгүшү үчүн коммерциялык багытка — апарт-отелдерге, коворкингдерге жана башка форматтаргаөтүшү керек. Бул — нормалдуу эволюция”.

Апарт-отель биринчи кезекте инвестициялык продукт катары каралат.

“Ачык айтканда, апарт-отель — бул киреше алып келүүчү коммерциялык кыймылсыз мүлк. Инвестор ал жерде жашабайт. Ал ижарадан киреше алат. Чынында Дубай толугу менен ушундай принципте курулган. Бул эксперимент эмес, көптөн бери иштеп келе жаткан модель”.

Компаниянын апарт-отель форматындагы жаңы долбоору Жаңы жылдан кийин жарыяланат жана бизнести андан ары өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ деп бааланууда.

Башкаруучу компания: бардык “түйшүктөрдү” жоюу

Arius Management башкаруучу компаниясын түзүү — коммерциялык кыймылсыз мүлккө өтүүнүн логикалык уландысы. Бул компания бардык операциялык процесстерди өзүнө алат.

“Бул — маркетинг, ижарага берүү, тейлөө, оңдоо иштерин жүргүзгөн адистердин командасы. Инвесторго бул жагынан таптакыр эч нерсе кылуунун кереги жок. Ал апарт-отелге каражат салат да, шарттуу түрдө ай сайын кирешесин алып турат”.

Ачык-айкындуулукка өзгөчө көңүл бурулат.

“Биз толук автоматташтыруу тууралуу айтып жатабыз. Ар бир инвестор каалаган учурда номерлердин жүктөлүшүн көрө алат, өзүнүн кирешелүүлүгүн түшүнөт. Бул коммерциялык кыймылсыз мүлк үчүн нормалдуу, эң мыкты модель”.

Жарыштын ордуна узак аралык

Келечек тууралуу айта келип, Эрмек Султангазиев негизги ставка объекттердин санына эмес, туруктуулукка жасаларын белгилейт.

“Эгер инвестор жакшы киреше алып жатса, демек бизде да баары жакшы. Биз долбоорлордун жылдар бою иштешине кызыкдарбыз. Адамдарга пайда алып келген, инвесторлорго киреше берген кооз жана сапаттуу объекттер — мен үчүн туура жыйынтык ушу”.

Мындан тышкары окуңуз

Гепатитти дарылоого 492 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Гепатитти дарылоого 492 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Кыргызстанда быйылкы жылдын алты айында 1 миллиондон ашуун адам гепатиттин вирустук В түрүнө каршы эмдөө алды. Алардын ичинен биринчи дозасы 446 319, экинчи дозасы 358 159, үчүнчү дозасы 250 534 адамга сайылган. Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору билдирди. Маалыматка таянсак,

Данияр Амангелдиев: Өкмөт чара көрбөсө, күйүүчү майдын баасы 140 сомдон ашмак

Данияр Амангелдиев: Өкмөт чара көрбөсө, күйүүчү майдын баасы 140 сомдон ашмак

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын кымбатташы Кыргызстандагы баага да таасир эткенин билдирди. Бул тууралу ал "Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Амангелдиевдин айтымына караганда, акыркы эки айда бензиндин дүйнөлүк баасы дээрлик эки эсеге өсүп, бир тоннасы 860 доллардан 1700 долларга жеткен. Эгер өкмөт бааны

АИ-95 күйүүчү майынын тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берилди

АИ-95 күйүүчү майынын тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берилди

AИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы орусиялык компаниялар тарабынан киргизилген жеткирүү чектөөлөрүнө байланыштуу. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адиси Лариса Шустикова “Биринчи”радионун" эфиринде билдирди. "Орусиялык компаниялар бул жерде иштеген өздөрүнүн ишканаларына АИ-95 бензинди жеткирүүнү чектешти. Ошол эле учурда, үч ири мунай ишканалары ишин улантып, запастарга

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк сейил багынын аймагын кыдырып чыгып, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле подряддык уюмга жана тиешелүү шаардык кызматтарга калган иштерди аягына чыгаруу жана объектти мындан ары талапка ылайык жасоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө объектти оңдоп-