Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Калифорниянын Купертино шаарындагы Стив Жобс театрында Apple компаниясынын жаңы өнүмдөрүнүн бет ачары болуп өттү. Иш-чараны компаниянын жаңы дайындалган башкы директору Джон Тернус биринчи жолу өткөрдү. Бул тууралуу Газеты.Ru басылмасынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, бет ачардын жүрүшүндө Apple компаниясы өзүнүн алгачкы бүктөлмө смартфонун — iPhone Duo моделин тааныштырды. Аппарат ачылган учурда компаниянын тарыхындагы эң жука смартфон болот. Ички негизги дисплейинин диагоналы 7,6 дюйм, тышкы экраныныкы 5,4 дюйм түзөт. Жаңы смартфон 23-октябрда сатыкка чыгып, ак жана кочкул көк түстө сунушталат. Баасы 1999 доллардан башталат.

Презентацияда ошондой эле iPhone 18 Pro жана Pro Max моделдери көрсөтүлдү. Алар A20 Pro процессору, жаңыртылган камера жана жакшыртылган батарея менен жабдылат. Смартфондор кара, күмүш, көгүш жана кочкул алча түстөрүндө чыгарылат. iPhone 18 Pro баасы 1199 доллардан, iPhone 18 Pro Max 1299 доллардан башталат. Сатуу 18-сентябрда башталат.

Компания мындан тышкары AirPods 5 кулакчындарын тааныштырды. Анда ызы-чууну басаңдатуу функциясы 50% жакшыртылган. Ал эми Apple Watch Series сааты - 12 акылдуу көрсөткүчтөрү жана Siri AI системасын кеңейтилген колдоосу менен чыгарылат.

Мындан тышкары окуңуз

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарын облусунун Нарын районундагы Мин-Булак айыл аймагында эки комбайн сатып алууда мамлекетке 4 млн 945 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу мамлекеттик сатып алуулардын жүрүшүндө аныкталган. Келтирилген зыяндын көлөмү Кыргызстандын Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын корутундусу менен белгиленген.

Санарип рубль жүгүртүүгө чыгарылды

Санарип рубль жүгүртүүгө чыгарылды

Россияда 1-сентябрдан тарта санарип рубль улуттук валютанын накталай жана накталай эмес акчадан кийинки үчүнчү формасы  - расмий жүгүртүүгө киргизилди. Эксперт Сергей Щербаков басылмасына санарип рублдин өзгөчөлүктөрү жана аны колдонуу тартиби тууралуу Газета.Ru басылмасына айтып берген. Санарип рубль — кадимки рубль сыяктуу эле төлөм каражаты. 1 санарип рубль 1 кадимки рублге

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуш жүргүзүүгө жол бербөө боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 жарлыгына ылайык жүргүзүлүп жатат. Мындай билдирүүнү Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билиришти. Маалыматка ылайык, Ленин районунда 11-августтагы текшерүүдө мыйзам талаптарын бузган

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн финансы секторундагы уюмдардын кирешеси 166,8 млрд сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,7 млрд сомго же 60,3%га көп. Бул мезгилде финансы секторунун жалпы чыгымдары 102,6 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын биринчи