Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуш жүргүзүүгө жол бербөө боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 жарлыгына ылайык жүргүзүлүп жатат.

Мындай билдирүүнү Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билиришти.

Маалыматка ылайык, Ленин районунда 11-августтагы текшерүүдө мыйзам талаптарын бузган төрт факт аныкталды. Орок айылындагы №166 контурда ички пайдубал курулуп жатканы, №67 контурда мамлекеттик жер тилкесине убактылуу курулуш тургузулганы белгилүү болгон. Ошондой эле №109 МАБдын аймагындагы эки жерде мыйзамсыз курулуш фактылары катталган.

Свердлов районунда 6-августта “Нуркожо-Ата” жана “Адилет” конуштарында жүргүзүлгөн рейд учурунда “Нуркожо-Ата” конушунун 11-көчөсүндөгү №453 жер тилкесине пайдубал куюу фактысы аныкталды. Бул боюнча акт түзүлүп, маалымат 102 кызматына катталган.

Биринчи май районунда Маевка айылынын, анын ичинде “Бугу-Эне-Багыш” жана “Алтын Казык” конуштарынын аймагында өз алдынча курулуштар аныкталууда. №205, №207 жана №208 МАБдардын аймагында 2024-жылдан бери мыйзамсыз тургузулган 171 пайдубал жана бүтө элек курулуш объектиси демонтаждалды. Ошондой эле, 2026-жылы “Теңдик” конушунда бош жер тилкелерине пайдубал куюунун үч мыйзамсыз фактысы аныкталып, материалдар чара көрүү үчүн райондук ички иштер башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Октябрь районунда 7-сентябрда милиция кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн кыдырууда мыйзамсыз курулуштун үч фактысы аныкталды. Алар — курулушка кошумча бөлүк тургузуу, пайдубал куюуга жерди даярдоо жана дубал тургузуу. Курулуштар токтотулуп, тиешелүү актылар түзүлдү. Мындан тышкары, “Анар-Бак” конушунда жер тилкесин өз алдынча басып алуу боюнча шектүү факт аныкталып, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Бишкектин райондорунда жер тилкелеринин пайдаланылышын көзөмөлдөө, мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуштарга жол бербөө боюнча иштер улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media