Казакстанда мобилдик акча которууларды көзөмөлдөөнүн жаңы эрежелери кирди. Кандай өзгөрүүлөр болду жана эмнелер эске алынышы керек?

Казакстанда мобилдик акча которууларды көзөмөлдөөнүн жаңы эрежелери кирди. Кандай өзгөрүүлөр болду жана эмнелер эске алынышы керек?

Элдин эсинде болсо, 2025-жылдын июнь айында Казакстан Республикасынын Финансы министрлиги өлкөнүн Улуттук банкы жана коммерциялык банктары менен биргеликте жаңы Салык кодексине кошумчаларды киргизген. Ал кошумчаларда кайсы бир физикалык жакка мобилдик которуулар менен 3 ай ичинде 1,02 млн тенгеге чейин (минималдык айлык маяна көлөмү) гана которууга боло турган чектөөнү киргизүү чечими кабыл алынган. Казакстан парламенти аталган мыйзамды бекитип, документ 2026-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирди. 

Эске салсак, буга чейин Казакстандын Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети бул жаңы чектөө боюнча Forbes Kazakhstan’дын суроосуна: “Биз тараптантөмөнкүдөй критерий редакциясы сунушталып жатат: бир жеке адамдын банктык эсебине үч ай катары менен ар бир айда 100 же андан көп ар башка адамдан акча каражаттары түшүп, алардын жалпы суммасы 12 минималдуу эмгек акысынан (2025-жылдын башында ал 1 020 000 теңге болчу) ашкан учур”, — деп жооп берген.  

Муну жалпак тил менен түшүндүрсөк, эгер физикалык жактын эсебине 3 ай ичинде 100 же андан ашык адамдан бул лимиттен жогору акча которулса, анда салык кызматы катталбаган ишкерликтин бар же жок экенин текшериши мүмкүн. 

Текшерүүгө чейин банктык эсебине мобилдик которуулар аркылуу лимиттен ашык суммадагы акча которулган физикалык жакка тиешелүү мамлекеттик кызматтан билдирүү келери айтылат. Эгер жаран бул которуулар тууралуу түшүндүрмө бербесе 30 күндөн соң анын банктык эсеби бөгөттөлөт.   

Баса белгилей кетсек, бул жерде башка физикалык жактардан которулган акча которуулар жөнүндө сөз болуп жатат. А банкомат аркылуу банктык эсепти толуктоо, депозиттерден которуу, айлык маяна жана социалдык төлөмдөр бул жагдайда эске алынбайт.  Ошондой эле ушул жылдын 6-январында Казакстандын 24.kz телеканалы документте көрсөтүлгөн жаңы талап туугандар жана достор ортосундагы акча которууларга тиешеси жок экенин маалымдаган.  

Казакстан өкмөтүнүн билдиришинче, бул чара жашырылыган кирешелерди жана катталбаган ишкерликтерди ачыкка чыгарууга багытталган. Себеби, көп ишкерлер товар, жумуш жана кызмат көрсөтүүлөр төлөмдөрүн мобилдик которуулар аркылуу ишкерликке багытталбаган жеке эсептерине котортуп алышат. 

Дагы бир эске алуучу жагдай, банктар ортосунда реквизиттер аркылуу жүргүзүлгөн кадимки которуулар боюнча чектөөлөр ар бир банкка жараша аныкталат. Ал эми эл аралык которуулар үчүн (мисалы, Mastercard аркылуу) айына 50 000 доллар күндүк жана айлык лимиттер каралган. Мындан тышкары, россиялык жарандар үчүн буга чейинки чектөөлөр алынып салынган.

Ошону менен бирге эле Казакстандын банктарынын ортосунда реквизиттер аркылуу акча которууда максималдуу лимит жок.  Банктык тиркемелердин ичинде (мисалы, Kaspi) бир транзакцияга суммалык чектөөлөр бар. Ал 2 500 долларга барабар.

Ал эми эл аралык которууларга келсек (мисалы, Mastercard аркылуу) чектөөлөр төмөндөгүдөй:

  • Бир которуу: 5 000 долларга чейин.
  • Бир күндө: 10 000 долларга чейин.
  • Бир жумада: 25 000 долларга чейин.
  • Бир айда: 50 000 долларга чейин.

Мелис СОВЕТ уулу

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media