Өлкөгө миллиондогон инвестиция тартып, SoftBank, Google жана Y Combinator'ду багындырган кыргызстандыктар

Өлкөгө миллиондогон инвестиция тартып, SoftBank, Google жана Y Combinator'ду багындырган кыргызстандыктар

Глобалдык жана регионалдык деңгээлде азыркы мезгил стартаптарды түзүү жана венчурдук инвестицияларды өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу учурлардын бири болуп саналарын ЦАРЭС технологиялык форумунда Кыргызстандагы стартап-акселератордун башкы директору Даниэль Абдылдаев билдирди.

Ал фаундерлерди үч топко бөлдү: борбордук азиялыктар, гибриддер жана юникорндар. Кыргызстандык Эркин Адылов дүйнөдөгү эң ири венчурдук фонддордун бири SoftBank Vision Fund 2 фондунан 100 млн доллар инвестиция тарткан. Анын компаниясы ири каржы институттарында, анын ичинде инвестициялык банктарда, хедж-фонддордо жана түз инвестиция фонддорунда комплаенс-тобокелдиктерди талдоо үчүн жасалма интеллектти колдонот.

Айзада Марат кызы негиздеген Alma компаниясы Кремний өрөөнүндө жайгашып, иммиграция тармагында жасалма интеллектти колдонууда.

Silitech компаниясы кымбат инфраструктурасыз эле айыл аймактарына вакциналарды жеткирүүгө мүмкүндүк берген технологияны иштеп чыккан жана Улуу Британияда жайгашкан.

Экинчи топ — "гибрид тарыхы" бар стартапчылар. Бул категорияга Google компаниясында иштеген биринчи кыргыз Тилек Мамутов сыяктуу ишкерлер кирет. Ал ошондой эле Кремний өрөөнүндө жайгашкан эң мыкты акселераторлордун бири болгон Y Combinator программасынан өткөн. Анын компаниясы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жаш IT адистерине Apple, Netflix, Amazon жана Google сыяктуу компанияларда ишке орношууга жардам берет.

Компаниянын баасы учурда 60 млн долларга бааланууда. Ошол эле учурда ал кеңсесин Кремний өрөөнүнөн Бишкекке көчүрүп, жергиликтүү фаундерлер менен тажрыйба жана байланыштарын бөлүшүп келет.

Кыргызстандан чыккан MIT бүтүрүүчүсү Кайрат Ашимов да өз стартабын өлкөдөн башкарып келет. Анын долбоору АКШдагы улгайган адамдарга кам көрүү процесстерин автоматташтыруу үчүн жасалма интеллектти колдонот.

Юникорндар — бул баасы 1 млрд доллардан ашкан компаниялар. Азыр мындай компаниялар мурда негизги борбор болуп келген Кремний өрөөнүндө гана эмес, башка аймактарда да пайда болууда.
Казакстандык Higgsfield AI компаниясы жасалма интеллект аркылуу видео генерациялоо тармагында иштеп, OpenAI жана Google сыяктуу технологиялык гиганттар менен атаандашууда. Эки жылга жетпеген убакытта компаниянын баасы 5 млн доллардан 100 млн долларга чейин өстү.

Абдылдаевдин айтымында, азыр "тектоникалык өзгөрүү" болуп жаткан өткөөл мезгил. Мурдагы чоң өзгөрүү катары ал интернеттин пайда болушун атады.

Анын сөзүнө караганда, жасалма интеллекттин өнүгүшү биздин аймактагы фаундерлер үчүн да, инвесторлор үчүн да чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.

"Биз дүйнөлүк венчурдук келишимдердин көлөмүндө абдан кичинекей үлүштү ээлейбиз. Эгер дүйнө жүзүндө венчурдук капитал болжол менен 500 млрд долларды түзсө, биздин аймак өткөн жылы жалпысынан 100 млн долларды, ал эми быйыл 300 млн доллардан ашык көрсөткүчтү түздү", — деди ал.

Абдылдаев кошумчалагандай, Борбор Азия өлкөлөрү жасалма интеллект революциясына кошулууга аракет кылып жатат. Бул болсо фаундерлер жана инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

"Биз 140 миллиондон ашуун калкы бар жана жүздөгөн миилиард долларлык ИДПсы бар рынокту түзөбүз (ЦАРЭС). Биригүү аркылуу гана биз дүйнөлүк технологиялык чөйрөгө интеграция боло алабыз", — деп жыйынтыктады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокен районунда кулпунай бышып, сатыкка чыкты

Ноокен районунда кулпунай бышып, сатыкка чыкты

Ноокен районунда кулпунай бышып, сатыкка чыкканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Эргеш Алиев айыл аймагынын тургуну былтыр сентябрь айында 1,40 гектар жерге 74 миң даана клери сортундагы кулпунай тиккен. Дыйкан сууну үнөмдөө максатында тамчылатып сугаруу системасын колдонгон. Ал кулпунай терүүгө айылдаштарын

Кыргызстан менен JICA кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен JICA кызматташууну кеңейтет

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланова Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Башкы кеңсесинин Борбор Азия жана Кавказ бөлүмүнүн директорунун улук орун басары Сонояма Юка менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар көп жылдык өнөктөштүктүн учурдагы жыйынтыктарын талкуулап, өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсүнүн алкагында кызматташуунун жаңы багыттарын белгилешти.  Тараптар өзгөчө көңүлдү

Өлкө аймагында жол курулушу жана тазалоо иштери күчөтүлдү

Өлкө аймагында жол курулушу жана тазалоо иштери күчөтүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан өлкө аймактарындагы жолдорду куруу, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери үзгүлтүксүз уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Акыркы күндөрү аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу айрым унаа жолдорунда тоо боорунан таш жана кар көчкүлөр түшүп, алар ыкчам түрдө тазаланууда. Бүгүнкү күндө республиканын стратегиялык жана ички

Айыл чарба тармагына 63 даана жаңы техника тапшырылды

Айыл чарба тармагына 63 даана жаңы техника тапшырылды

2026-жылдын 8-апрелинде КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине 63 даана атайын техниканын ачкычтарын расмий түрдө тапшырды. Маалыматка ылайык, жаңы техникалардын 40 даанасы мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатылып алынып, ага 128 млн сом жумшалган. Калган 23 техника эл аралык институттардын колдоосу менен