Таласта 350 млн долларлык мунай иштетүүчү комплекстин курулуусу каралууда

Таласта 350 млн долларлык мунай иштетүүчү комплекстин курулуусу каралууда

Талас облусунда түз айдалган бензинди жана дизелдик фракцияны кайра иштетүүчү өнөр жай комплексин куруу пландалууда. Долбоорго болжол менен 350 млн доллар инвестиция тартуу каралууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Долбоорду ишке ашыруу боюнча министр Бакыт Сыдыков менен казакстандык QAZAQ BITUM Processing компаниясынын директору Ержан Бейсебаев өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Документте түз айдалган бензинди жана дизелдик фракцияны кайра иштетүү, ошондой эле полимер менен модификацияланган PG битумун өндүрүү боюнча комплекстин долбоорун иштеп чыгууда жана ишке ашырууда кызматташуу каралган.

Министрликтин маалыматына ылайык, долбоор ички өндүрүштү көбөйтүүгө, импортко көз карандылыкты азайтууга жана аймакка жаңы технологияларды тартууга багытталган.

Белгилей кетсек, QAZAQ BITUM Processing компаниясы Казакстанда иштеп, жол битумун жана полимер менен модификацияланган битум өндүрөт. Компания мунайды кайра иштетүү продукцияларын өндүрүүчү катары катталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media