Караколдо 3 млн сом жеңилдетилген каржылоо алган ишкер өсүмдүк майын өндүрүүдө
Каракол шаарында жеңилдетилген каржылоонун эсебинен өсүмдүк майын өндүрүү жана эмерек жасоо долбоорлору ишке ашырылууда. Бул тууралуу «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААКсы билдирди.
Маалыматка ылайык, өсүмдүк майын өндүргөн ишкер 3 млн сом каржылоо алган. Учурда ишканада күн карама, сафлор жана жүгөрүдөн майдын үч түрү чыгарылууда.
Ошондой эле жеңилдетилген каржылоо аркылуу жыгач устачылык цехинин иши колдоого алынып, эмерек өндүрүшүн кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзүлгөн.
Ишкерлердин айтымында, алынган каржылоонун натыйжасында өндүрүштү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, кирешелүүлүк 20–30%га чейин өскөн.
Мамлекеттик финансылык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Элдияр Доолбеков Караколдогу ишкерлер менен жолугуп, каржыланган долбоорлордун иши менен жеринен таанышты.