Темир Сариев: Чек арадагы кезектер ишкерлерди чыгымга учуратууда
Бишкекте өткөн Кыргыз-Казак ишкерлер кеңешинин кеңейтилген жыйынында Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев чек арадагы көйгөйлөр ишкерлерге олуттуу тоскоолдук жаратып жатканын билдирди. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы кабарлады.
Анын айтымында, 2025-жылы эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 63 %га өсүп, 2,4 миллиард долларга жеткен. Ал эми 2026-жылдын сегиз айында Кыргызстандын Казакстанга экспорту дээрлик 14 %га көбөйгөн.
Ошол эле учурда жүздөгөн кыргызстандык жүк ташуучу унаалар чек арадан өтө албай, узак убакыт кезек күтүүгө мажбур болууда. Мындан улам товарлар бузулуп, жеткирүү мөөнөттөрү кечеңдеп, ишкерлер чыгымга учуроодо.
Мындай кыйынчылыктар Ысык-Көлгө келген туристтерге да терс таасирин тийгизүүдө.
"Атамекен" палатасына ишкерлердин кайрылууларын биргелешип чогултуп, өкмөттөрүбүзгө макулдашылган сунуштарды киргизүүнү сунуштайм. Чек ара боордош элдерди бөлбөй, бириктириши керек", - деди Сариев.
Ал ошондой эле сегиз өткөрмө пунктун модернизациялоо иштерин тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы соода-логистикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү, инвестиция тартуу жана "Кара-Суу" — "Ак-Тилек" индустриялык соода-логистикалык комплексин өнүктүрүү маселелери талкууланды.