Жаратылыш ресурстары министрлиги колдонулган мотор майын күйгүзбөөгө чакырды
Акыркы мезгилде колдонулган мотор майы менен иштеген жылытуучу мештердин жарнамалары көбөйүүдө. Бирок мындай мештерди колдонуу абанын булганышына жана адамдын ден соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы эскертти.
Мекеменин маалыматына ылайык, колдонулган мотор майын күйгүзгөндө абага көө, майда чаң бөлүкчөлөрү, көмүртек кычкылы жана башка зыяндуу кошулмалар бөлүнүп чыгышы ыктымал. Алар атмосфералык абаны булгап, дем алуу органдарына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Мыйзамга ылайык, айлана-чөйрөнү булгоочу калдыктарды ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана калктуу конуштардын аймагында өз алдынча өрттөөгө тыюу салынат. Мындай калдыктар атайын суюктуктарды алуу максатында утилдештирилүүгө тийиш.
Ушуга байланыштуу кызмат жарандарды жана ишкерлерди колдонулган мотор майларын белгиленген тартипте чогултуп, тиешелүү жайларга өткөрүп берүүгө чакырды. Ошондой эле аларды жылытуу максатында өз алдынча күйгүзбөөгө үндөдү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу