Жалал-Абадда курулуш компаниясына 2 млн сомдон ашык айып пул салынды
Жалал-Абаддын Манас шаарында 5 курулуш объектисин жүргүзүп жаткан "Бест Хаус Гранд" компаниясына 2 млн 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, Жамашев көчөсүндөгү 9 блоктук, Барпы Сейил көчөсүндөгү 5 блоктук, Абдрахманов көчөсүндөгү 27 блоктук, 11 блоктук жана 20 блоктон турган объекттерге текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада, курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын жана курулуш ченемдеринин, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын талаптарынын сакталбагандыгы, ошондой эле жумуш орундарын уюштуруудагы кемчиликтер аныкталган.
Жыйынтыгында, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилген.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу