Улуттук банк бир коммерциялык банкка айып пул салды
Кыргызстандын Улуттук банкы милдеттүү резервдер боюнча белгиленген талаптарды аткарбаган бир коммерциялык банкка 359 сом 84 тыйын айып пул салды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, айып пул 2026-жылдын 2-ноябрынан 29-ноябрына чейинки базалык мезгилде милдеттүү резервдердин минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн салынган.
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, коммерциялык банктар милдеттүү резервдер боюнча белгиленген талаптарды аткарууга тийиш.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу