Кыргызстан 7 млн турист жоготту. Ички туризм кандай болот?

Кыргызстан 7 млн турист жоготту. Ички туризм кандай болот?

Жакында эле Баткен облусундагы Лейлек токой чарбасы ишканасына кирүү акысы күнүнө 1.6 миң сомго чыгып жатат деген жаңылык коомчулукту нааразы кылды. Мындан тышкары, аталган аймакка альпинисттерден кирүү үчүн адам башына 10 күнгө 250 доллар алынат. Баткен облусу альпинизмди жана треккингди сүйүүчүлөрдүн жакшы көргөн жерлеринин бири, андыктан мындай чаралар чет элдик туристтерди чочулатышы мүмкүн.

Туроператорлор мындай чечим аймакка келген туристтердин агымын бир топ кыскартышы мүмкүн деп чочулашууда. 2020-жылы пандемиянын кесепетинен туризм тармагы буга чейин катуу сокку алып, ансыз да жетишээрлик жабыркады. Ал эми аткаминерлер болсо туристтердин агымын азайтып, Баткен облусун кирешесиз калтыруу коркунучуна кептөөдө.

Economist.kg кырдаалга сереп салып, Кыргызстандагы туризм тармагынын негизги көрсөткүчтөрүн талдоону чечти.

Туристтердин саны

2020-жылдын март айынын аягында пандемиянын каттуулашы менен көпчүлүк мамлекеттер чектөө чараларын киргизишкен,  ошондуктан башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанга да келген туристтердин саны кескин азайган.

2019-жылдан кийин Кыргызстандагы туристтердин агымы 8.5 миллионду түзсө, өткөн жылдын башына карата бул көрсөткүч 1.4 млн туристке чейин төмөндөгөн.

Киреше

Туристтердин санынын азайышынан улам, бардык ата мекендик туристтик субъектилердин кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу 6 эседен ашык төмөндөгөн. Ал эми 2018-жылга салыштырмалуу – 4.5 эсеге аз.

Кызматтардын жана товарлардын кошумча наркы

ИДПнын көрсөткүчү, башкача айтканда, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн чыгаруу менен керектөөнүн айырмасы 2019-жылга салыштырмалуу 11 эсеге төмөндөгөн. Бул көрсөткүч өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, ошондой эле бардык ресурстардын жана чийки заттардын наркын алып салганда келип чыгат.

Инвестициялар

Кыргызстанда объектилерди курууга жана реконструкциялоого кеткен чыгымдар 2016-жылдын деңгээлинен да төмөндөп кетти. Пандемияга чейин негизги капиталга инвестициялар жылына болжол менен 2 миллиарддан 5 млрд сомго чейин өсүп турган.

Мындай маалыматтар өлкөдөгү эң жогорку приоритеттердин бири деп эсептелген туризм тармагын калыбына келтирүүгө муктаж экендигин көрсөтүп турат. Ошону менен катар, Кыргызстан жакында туристтердин кирүү алгоритмин бекитти.

Алгоритмге ылайык, өлкөгө келген туристтин жанында төмөндөгүлөр болуш керек:

• анализ алынгандан кийин 72 сааттан ашпаган ПЦР-тестинин терс натыйжалары

• же COVID-19га каршы вакцинанын алынгандыгын тастыктаган документ (кагаз же санарип форматында).

Бийлик кырдаалды кантип оңдоодо

Туристтердин көңүлүн буруу үчүн, мамлекеттик кызматкерлер акыркы айларда бир катар чараларды көрүштү:

  • Туризм департаменти Өзбекстандан келген туроператорлордун делегациясын кабыл алып, маалыматтык тур өткөрдү. Жети күндүк окуу туру Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында өттү.
  • Ошондой эле Россияны-1 телеканалынын өкүлдөрү эл аралык аренада өлкөнүн атын чыгарууга чакырылган. Өз ара келишимдин негизинде, телеканалдын тартуу тобу Кыргызстанга келип, бир жума бою өлкөнү кыдырып «По секрету всему свету» теледолбоорунун серияларын тартып кетти.
  • Саламаттыкты сактоо министрлигинин республикалык штабынын отурумунда чет мамлекеттердин бир катар жарандарына Кыргызстандын аймагына кирүүгө уруксат берүү максатында өлкөлөрдүн тизмесин кайра карап чыгуу тапшырылды.
  • Министрлер кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, Туризм департаментине туризм объектилерин кызмат көрсөтүүгө талаптагыдай даярдоону камсыз кылуу тапшырылды.
  • Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы Кыргызстандын Туризм департаменти менен биргеликте Финляндиянын ири туристтик компанияларын жана ММК өкүлдөрүнүн өлкөгө сапарын уюштурду.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында өкмөт 2021-2023-жылдарга туризм тармагын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү жана туризм чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу, калыбына келтирүү, өнүктүрүү жана өркүндөтүү пландары иштелип чыккандыгын жарыялаган. Бирок, ушул сыяктуу жайкы туристтик сезонго карата тийиштүү чаралар көрүлгөн жок.

Июнь айынын башында Туризм департаменти кайрадан туризмди өнүктүрүүнүн 2021-2030-жылдарга карата стратегиясынын долбоору иштелип чыккандыгын жана ал жактырылып жаткандыгын жарыялады. Ага ылайык, стратегияда жашыл туризмди өнүктүрүүгө жана жашыл технологияларды жайылтууга багытталган иш-чараларга көңүл бурулат.

Туроператорлор ассоциациясынын президенти Сергей Глуховеровдун айтымында, Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан кийин туристтердин агымын көбөйтүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар.

«Туристтик агым көбөйөт деген үмүттөбүз. Бирок азыр эң башкы маселе ошол убакка чейин кантип жашаш керек. Кыргызстан жөнүндө жигердүү жарнамалоого канча аракет кылбайлы, кырдаал өзгөрбөйт. Көптөгөн өлкөлөр өз жарандарынын саякатташына уруксат беришпейт, кээ бир өлкөлөрдө дагы деле локдаун бар. Дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу быйыл бизге маданий туристтердин келиши күтүлбөйт», – деди ал.

Россиянын ар кайсы аймактарынан Тамчыга учуу аба каттамдары көбөйтүлгөндүктөн, Ысык-Көлдөгү мейманканалар жана конок үйлөр бир аз да болсо киреше таба алышат. Бирок алыскы аймактар тууралуу сөз кыла турган болсок, божомолдор көңүл жылытаарлык эмес.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапарынын алкагында министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, селден жана тоо көчкүлөрүнөн коргоочу галереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулушунун жүрүшүн

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Аялдар форумунда өлкө экономикасындагы чакан жана орто бизнестин ордун белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес Кыргызстандын ички дүң жыйымынын 51,7%ын түзөт. Ошондой эле 823 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттин 246 миңден ашыгын